КТРК телеканалындагы "Шайыр апалар" долбоорунун экинчи айлампасы башталып, ага катышууга өлкөнүн жети дубанынан энелерден түзүлгөн 60ка чукул топ келди.
Алды 70-80 жашка барып калган энелер калыстар тобунун купулуна толуш үчүн жаш курагына карабай ийилип-чоюлуп бийлеп, образга кирип ыр айтып, созолонто ырдап кастингден өтүп кетүүгө аракет кылып жатышты. Анткени айтылган 60 топтун ичинен 25и гана эфирге чыгууга тандалып алынат экен.
Долбоордун автору, продюсер Назира Аалы кызынын айтымында, Кыргызстанда буга чейин карыларды колдоп, көмөк көрсөткөн долбоор жок болгондуктан аталган долбоорду ачууну туура көргөн. Ошондой эле айыл жериндеги апаларда катылган талант, билим, жөн билгилик касиеттерди элге, коомчулукка көрсөтүүнү максат кылган.
"Кыргыздардын карылары өтө пассивдүү, апалар көбүнчө үйдө отурат. Балдары да апасын кыймылдатпай төрдө балпайтып багат. Бул долбоордун арты менен көпчүлүк апалар үйдө отурбай маанайы ачылып, костюм тиктирип, концерт кое башташты. Азыр улуу муундун кыймылы башталып, апалар уктабай калды. Ал тургай маданият министри Түгөлбай Казаков "эр болсоңор апаларды токтотуп көргүлө" деди. Токтобой эле койсун, апалар ырдап, бийлеп жыргашсын. Долбоордун алкагында Мыскалдан ашып түшкөн ырчыларды, сахнага убагында чыкпай калган артисттерди көрүп булар кайда жүргөн деп таң калдык", — деди Аалы кызы.
Сынакка катышам деп келген апалардын арасында баатыр энелер да бар. Алардын бири алыскы Ат-Башы районунун Казыбек айылынан келген 70 жаштагы Созул Нааматова бар. 12 бала төрөгөн апа долбоордун арты менен ооруган жерлерин унутуп, бийлеп эле калганын айтты.
60 тан ашык топтон иргелип отуруп, КТРКнын эфирине чыгууга 25 гана айылдык ансамбль калат. Булардын ичинен көбүнүн көңүлүн оорутпай, арасынан айрымдарын тандап алуу калыстар тобуна деле оңой болбойт. Бирок ага карабай келген апалардын хоруна, аткаруу чеберчилигине, костюмуна жана бийлерине өзгөчө көңүл буруп жатышты.
Калыстар тобунун мүчөсү Айымкан Жаманкулова "Шайыр апалар" долбоору бардык аймактагы айымдарга чоң таасир берип, быйыл былтыркыдан эки эсе көп топ келгенин айтып берди. Анын айтымында, апалар жөн гана катышпастан элдин улуулугун, нукуралуулугун, маданияттын бийиктигин көрсөтүп жатат.
"Ар бир келген топ өзүнчө өзгөчөлүктөрү, биз билбеген салт-санаа, макал-лакаптары менен келип таң калтырып жатат. Анан бул жерде биз костюмга да аябай маани беребиз. Себеби улуттук кийимдин да нукуралуулугун жоготпоо керек. Кээ бири чокчойгон элечек, айрымдары жаш келиндей болуп ачык түстөгү көйнөктөрдү кийишет. Бул туура эмес. Анткени аларды көргөндө жаш келинди эмес, чыныгы кыргыздын байбичесин көргөндөй болушубуз керек", — деди калыс.