БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кечээ, 2-августта, адам баласы жердин 2017-жылга карата запасын толугу менен түгөтүп, эми "карызга" жашай баштаганын Россиянын жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк фондусуна (WWF) шилтеме берип РИА Новости жазды.
"2-августта жердин жаратылыш байлыктарынын 2017-жылга бөлүнгөн запасы түгөндү. 2000-жылдардын башында ресурстар октябрь айына чейин жетип жаткан. Жыл өткөн сайын бул күн жылдын башына жакындагандан жакындап келүүдө. Бул жылы өзүнүн күнүмдүк муктаждыктарын толтуруу үчүн адам баласына планетанын жылдык ресурсунун 170 пайызы керек болуп турат", — деп жазылат макалада.
Россиянын жапайы жаратылыш боюнча дүйнөлүк фондусунун адистеринин айтымында, адам баласы тамакка болгон көз карашын өзгөртпөсө, 2050-жылга чейин жегенге азык калбай калышы толук мүмкүн.