БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Климаттын өзгөрүшү боюнча макалаларды жазууга кызыккан rыргызстандык журналисттер Колумбия университетинин стипендиялык программасына катыша алат. Бул тууралуу аталган университеттин CUNY жогорку журналистика мектебинин расмий сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, иш-чара 22-27-октябрь күндөрү Нью-Йорк шаарында болот.
"Атайын талаптардан өткөн журналисттердин окуусу, тамак-аш жана жол чыгымы төлөнүп берилет", — деп жазылат маалыматта.
Сынактын талаптары боюнча маалыматтарды расмий сайттан алууга болот. Катышуучуларды каттоо 31-августка чейин жүрмөкчү.