БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар Бразилия жана Индонезияда өткөн эл аралык билим олимпиадасына катышып, төрт коло медаль алышты. Бул тууралуу эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди.
17-19-июль күндөрү Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн математика боюнча дүйнөлүк олимпиадада кыргызстандык Азизбек уулу Саадинур менен Жолдубай уулу Бекжол коло медаль алса, үч окуучусу Ардак грамота менен сыйланышкан.
Ал эми Индонезияда өткөн физика боюнча дүйнөлүк олимпиадада 11-класстын окуучусу Нурдөөлөт Өмүралиев менен 10-класстын окуучусу Азамат Мырзабеков коло медаль алышкан. Андан сырткары үч окуучу да Ардак грамота алган.
Физика боюнча дүйнөлүк олимпиада 16-24-июлда Индонезиянын Йогьякарта шаарында өткөн. Ага 88 мамлекеттен 400 ашуун окуучу катышты.