Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында түзүлгөн Жаштар биржасынын директору Азиз Идрисов ар бир кыргызстандык иш таба аларына ишендирет. Ал биз менен маегинде бул пикирин улам бекемдеп отурду.
— Маек куруу боюнча макулдашканыбызда жайында сүйлөшкөнгө убакыт жоктугун, иштин кайнап турган маалы экенин айттыңыз. Эмнеликтен мындай?
— Биринчиден, агрардык өлкөдө жашайбыз. Жер иштетип, жер-жемиш, жашылча өстүрүүгө жайында жумушчу күчү жетишсиз. Андан сырткары, жайкы кафелер ачылат. Тандоо арбын — соңку иш жарманкесинде жумуш боюнча эки миңден ашуун сунуш алдык. Октябрь-ноябрда алардын саны алдаганча азая түшөт.
— Эмгек биржасы негизи кандай нукта иштейт?
— Эмнеге мындай кызматкерлерди ишканалардын баары жумушка ала беришпейт?
— Өспүрүм 14 жашка толгондон тарта иштөөгө акысы бар, бирок Эмгек кодексине ылайык, бир күндүк иши беш сааттан ашпоого тийиш. Бирок, андай болгон күндө да анын маянасы башкалардыкы менен бирдей өлчөмдө коюлат. Андан тышкары, алардын эч кандай тажрыйбасы жок, азырынча эч нерсени билишпейт. Ал эми булардын баары ишкана үчүн пайдасыз.
— Адатта балдар кандай иштерге орноштурулат?
— Жеңил болушу кажет, себеби балдар дароо өздөштүрүп кете ала тургандай болуш керек. Саламаттыгына терс таасир этпеши зарыл. Негизинен, алар талаада, ар кандай майда иштерде же соода тармагында иштешет. Албетте, балдарды баарынан мурда акчасы кызыктырат. Кыргызстанда айлык акы бардык жерде эле төмөн, бирок биз маяна маселесинде ишканалардан балдарды баласынтпоолорун өтүнөбүз. Жаштарыбызды көбүнчө бирдик жүктөө операторлорунун иши кызыктырат: кара күч талап кылбайт, татаал эмес, анан да бир-эки жумада он миң сомго чейин табууга болот.
Кызмат көрсөтүү тармагында айына 8-10 миң сом төлөшөт, бирок 8 миң сомго макул болгондор аз. Кандай болсо да эмгек келишимин түзбөй туруп иштебегиле дейбиз. Антпесе, акча төлөбөй коюшу да толук мүмкүн.
Азыр өспүрүмдөр Ысык-Көлдөгү эмгек жана эс алуу лагерине барышат. Алар талаада күнүнө төрт саат иштеп, колдоруна 300-400 сом ала турган болушту. Тамак-ашы, жашаганы бекер. Калган убакта аларды өмүрү өрнөк инсандар, эмгек ардагерлери менен кызыктуу жолугушуулар күтөт.
— Тажрыйбаңызда кандайдыр жүрөк элжиреткен учурлар орун алды беле?
— Бир бийкеч кайрылган бизге. Эки жогорку — юридикалык жана экономикалык билими бар. Татынакай, сабаттуу, бирок, эч ким аны жумушка алгысы келген эмес. Себеби, анын майыптыгы бар, сылтып басчу. Элестетсеңиз, эч ким алган эмес!
Бактыга жараша, аны менен телеалпаруучу Ассоль Молдокматова иштешүүгө макул болду. Азыр ал кыздын иши жакшы, дайым чалып, ыраазычылыгын билдирип турат.
— Сиздер караган балдарды ишке алгандан чочулагандарын түшүнүп турам. Алардын бизнеси коркунучта, баланын иши чала дегендер четтен чыгат. Күтүүсүз жагдайлар көп жаралабы?
Чындыгында кыйын эле. 2-3 күнгө тааныштарына качып кетиши мүмкүн, эгер бир нерсе жакпай калса, баарын таштап, терс бурулуп басып кетишет. Бирок, алар бала да, ата-эне мээриминен өксүк өспүрүмдөр да… Биз дайым алар тараптабыз, жардам берүүгө, коргоого жан үрөйбүз. Ишти үйрөнүп, эрте туруп, тартипти сактоого дароо көнүү жеңил эмес. Алар көбүрөөк көңүл бурууга, колдоого муктаж.
— Дагы кандай жакшы мисалдарды айтып бере аласыз?
— Андай окуялар арбын! Маселен, ага-карындаш кенедейинен балдар үйүндө жашашкан. Аларга иш табууга көмөктөштүк, андан соң, өздөрү жогорку окуу жайына өтүп, үй-бүлө куруп кетишти. Азыр экөөнүн тең жашоосу дурус, айылда турушат.
— Азыр чектен аша, чүрпөсүн кырк жашка чейин кыйналбасын деп канаттарына калкалаган ата-энелер да жок эмес. Өтө эле өнтөлөй бербей, кантип арыдан бери болуш керек?
Совет убагында мынчалык жумушсуздук болгон эмес, жаштар ишке салынган, аларга ишенип иш да табышташчу. Улан-кыздар бүтүндөй шаарларды курушкан. Мисалы, Ярослав облусундагы "Киргизстан" совхозундагы курулуштарды биздин жаштар курган!
Ал эми азыр биз "ишке алып коюңузчу" деп жалбарабыз. Аларды чоң турмушка даярдообуз абзел, биз бул дүйнөгө түбөлүк түркүк эмеспиз да.
Ушул чакта иш орундарын жетишерлик топтодук, ар бири ишке орношо алат. Жаштарга "эгер өзүңдү кайсы тармактан табарыңды так аныктай албай турсаң, жаштардын эмгек биржасына кел, силерге көмөкчү болобуз деп кайрылар элем.