БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстанда суу — жашоонун гана эмес, энергетиканын да негизи. Өлкөдө өндүрүлгөн 10 киловаттын тогузун дал ушул гидроэлектростанциялар иштеп чыгарат.
Республикада суунун жетишсиздиги калктын абалына бир эмес, бир нече жолу терс таасирин тийгизген. Курманбек Бакиевдин тушунда электрди маал-маалы менен өчүрүү киргизилген. Жарандар суткасына бир нече "кепилденген" саатты жарыксыз кечиришкен. 2014-жылы энерготаңсыктык дагы кайталанган — Тажикстан жана Казакстандан электрди кымбат баада сатып алууга аргасыз болгон элек.
Бирок, өткөн айдын ортосунан тарта электр энергиясын Өзбекстанга экспорттой баштаганы белгилүү болду, — коңшулар жалпы 1,25 миллиард киловатт-саат алат.
Экспорттун кайрадан жандандырылышы эмнеге байланыштуу, бул кышкысын энерготаңсыктыкка кептелтип, дүрбөлөңгө салбайбы? Бул туурасында Sputnik Кыргызстандын редакциясы сураштырып көрдү.
Экспорт эмнеликтен зарыл?
Өлкөдө электр энергиясынын 90 пайызын өндүргөн "Электр станциялары" ААКсынан түшүндүрүшкөндөй, экспорт суунун киришинен улам жүргүзүлүп жатат.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, апрель айынан июнга чейин Токтогул суу сактагычында (аты окшош ГЭС энергиянын 40 пайызын иштеп чыгарат) суунун агымы жылдык орточо көлөмүнөн 44-85 пайызга, болжонгондон да жогору болгон.
Суу сактагычтын ашып-ташканына жол бербей...
Быйыл техникалык агызуу — электр энергиясы өндүрүлбөй турган суунун куру агызылышы жүргүзүлүүдө. Себеби, 0.6 миллиард куб метр көлөмүндө суу ресурсу ашыкчалык кылат. Эгер суу сактагыч толуп кетсе, Токтогул ГЭСинин плотинасынын өзүнөн сууну агызууга мажбур болобуз. Энергоишканаларынан билдиришкендей, мындай агызуунун көлөмү планга ылайык секундасына – 250 куб метр.
"Бул – суу катуу кирген маалда аткарылчу кадыресе техникалык иш-чара. Техникалык агызуунун көлөмү Токтогул суу сактагычынын агынына жараша жөнгө салынат", — деп билдирет "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева.
Канча көлөм суу күтүлөт?
Кыргызгидромет берген маалыматка ылайык, вегетативдик маалда орточо 606 нормасында секундасына 700-900 кубметр суу агымы күтүлөт. "Электр станциялары" 1-октябрга чейин 19 миллиарддан кем эмес куб метр суу топтоону пландоодо. Бул былтыркыга караганда бир жарым миллиардга аз.
"Импорттоого жеткирбөө үчүн кеминде 15 миллиард куб метр суу топтоо зарыл, мындан 4 миллиардга ашык чогултуу күтүлүүдө. Мындай камылга менен жылытуу талап кылынган убакта электр энергиясын импорттобойбуз", — деп ачыктайт Айдаралиева.
ТЭЦтин абалы
"Былтыр ТЭЦ күз-кыш убагында 300-320 мегаватт жагылган. План боюнча 360 эле, бирок, аны толук кубаттуулукта иштетүүгө зарылчылык болгон эмес. Ошол себептен, быйыл да эң чоң кубаттуулук 300-320 мегаватты түзмөкчү. Бирок, ТЭЦтин иши аба шарттарынан көз каранды", — деп билдирет "Электр станцияларынан".
Тобоо кылып, олтура бербейли!
Энергетика боюнча серепчи Болот Иманалиевдин айтымында, Кыргызстанда ар 7-10 жылда суунун көлөмүнүн көбөйүш цикли азайышы менен алмашат, бул тийиштүү түрдө электрди өндүрүүгө чагылат. Быйыл, 2010-жылдагыдай суунун агыны күч. Бирок, Иманалиев "боло турган нерсе экен" деп жай олтуруп калбоону эскертет.
"Балким, келерки жылы суунун агыны азайып, кийин орточо деңгээлде, ал эми бир канча жылдан соң, суу тартылышы ыктымал. Ошондуктан, электр таңсыктыгына кабылбаш үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланып, Токтогул суу сактагычына суу топтоого тийишпиз", — дейт серепчи.
Иманалиевдин пикиринде, наркы жогору (киловаттына 2 цент) болбосо да, куру агызуудан көрө, быйылкы шартта Кыргызстан үчүн экспорт пайдалуу.