Кыргызстанда ГЭС кура турчу чех компаниясы аларга айтылган айыптарга жооп берди

Жазылуу
Жогорку Нарын каскадына Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы ГЭС курат. Бирок, айрым ЖМКларга аталган компаниянын гидроэлектростанцияларды куруу боюнча тажрыйбасы жок экени тууралуу маалыматтар байма-бай чыгууда.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Быйыл 10-июлда КР өкмөтү менен Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы Жогорку Нарын каскадына ГЭС жана чакан гидроэлектростанцияларды куруу боюнча келишимге кол коюшкан. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Нарын каскады куурулчу аймак
Строительство Верхне-Нарынского каскада ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Нарын каскады куурулчу аймак

Маанилүү долбоор

2012-жылы Жогорку Нарын каскадына Россиянын "Русгидро" компаниясы кубаттуулугу 238 мегаватты түзгөн төрт ГЭС курары боюнча макулдашылган. Анын наркы 727 миллион доллар болору айтылган. Компания бул долбоорго 37 миллион доллар короткону менен Россиядагы экономикалык каатчылыктан улам долбоор жокко чыгарылган. Чех компаниясы кеткен бул чыгымдарды орус тарапка төлөп берүүгө макул болду.

Строительство Нижне-Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Нарын каскадына ГЭС кура турчу чехиялык компания тууралуу 5 факты
КР өкмөтү менен чех компаниясы келишимге кол койгон күндөн тарта Кыргызстандын жана Чехиянын ЖМКлары түрдүү материалдарды жарыялай баштады. Негизинен алар чехиялык компаниянын кирешеси жүз миңден бир аз ашык чех кронун (бир канча миң доллар) түзөрүн, анан калса компания банкрот болгону да айтылды. Андан сырткары, компания акыркы жылдары өзүнүн финансылык ишмердиги боюнча отчет бербегенин журналисттер көтөрүп чыгышты.

Ошондой эле аталган чех компанияларынын чет жактагы ишмердигин колдогон Чехиянын экспорт банкы аталган компания тууралуу билбей турганы маалыматтарда айтылды. Бир катар ЖМКлар Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын гидроэнергетика боюнча тажрыйбасы жоктугун белгилешти. Андан сырткары, чех президентинин канцеляриясынын башчысы Вратислав Мынарж аталган компанияны Сапар Исаковго таңуулап Кыргызстанга сунушталганы боюнча кабарлар чыккан. Ошол эле учурда элчилик аталган компанияга ишеним артуугу болбой турганын билдиришкенин жазышты.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖумушчулар шаарчасы
Строительство Верхне-Нарынского каскада ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жумушчулар шаарчасы

18-июлда аталган компания Жогорку Нарын каскадына журналисттерди алып барып, Liglass Trading CZ, SRO компаниясынын Кыргызстандагы долбоорлорунун директору Иржи Войтеховский күмөн санаткан жагдайлар боюнча суроолорго жооп берди.

Канча каражат коротулат?

Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан электр энергиясын экспорттой баштады. Кышында сызга отурбайбызбы?
Жогорку Нарын каскадына салына турчу төрт ГЭСти курууга компания 500 миллион доллар бөлөт. Анын ичинен биринчи этапта Ак-Булуң менен Жогорку Нарын-1 ГЭСине 230 миллион доллар сарптоо каралган. Аталган каражат компаниянын акционерлеринин каражаты экенин Войтеховский журналисттерге айтты.

Мөөнөтү

Компания октябрга чейин долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин сунуштайт жана ГЭСти куруу иштерин башташат. Эки ГЭСти төрт жылдын ичинде ишке берүү пландалган.

Шарттары

Салынган бардык инвестицияга Кыргызстандын өкмөтү кепилдик берген эмес. Эгер иш учурунда талаш-тартыш орун алса ал Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде чечилет. Салык боюнча да жеңилдиктер каралган эмес. Liglass Trading CZ, SRO компаниясы "Жогорку Нарын ГЭСтери" ЖАКка уставдык капитал катары 57-60 миллион доллар которот. Эгер келишим жокко чыгарыла турган болсо бул каражат кайтарылып берилбейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековГЭСтин долбоору менен таанышуу
Строительство Верхне-Нарынского каскада ГЭС - Sputnik Кыргызстан
ГЭСтин долбоору менен таанышуу

Чех компаниясы эмне алат?

Жогорку Нарын каскадынын 50 пайыздык үлүшүн алат

Компания гидроэнергетика тармагында тажрыйбасы барбы?

Liglass Trading CZ, SRO компаниясы 2007-жылдан бери Россия, Армения, Словения жана Чехияда гидроэнергетика боюнча долбоорлорду ишке ашырып келет.

Таңуулоо болгонбу?

Терминал Манас 2 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аэропорту жаңыланып, унаа токтотуучу 550 орундуу жай курулат
"Биз расмий жол менен баратабыз. Биздин уюштуруучу Михаель Смелик Чехиянын президентине колдоо сурап кайрылган. Ал жактан бизге компанияга жана Смелик мырзанын ишмердиги тууралуу маалымат алдык. Президенттин аппаратынын колдоосунун алдында Чехиянын өнөр-жай жана соода министрлигинен да ушундай эле кат алганбыз. Анын бардыгы кыргыз өкмөтүнө берилген, себеби алар бизге ишенди", — деген пикирин компаниянын өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Компания 37 миллион долларды төлөөгө даярбы жана аны 50 күн ичинде ишке ашыра алабы?

Войтеховский аталган каражат бар экенин айтып, чех тарап банктык реквизиттерин алгандан кийин акчаны которот.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖумушчулар шаарчасынан бир көрүнүш
Строительство Верхне-Нарынского каскада ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жумушчулар шаарчасынан бир көрүнүш

Чех компаниясынын капиталдык уставы канча?

10 миң доллар.

Жаңылыктар түрмөгү
0