00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Хирургиянын малоинвазивдик методдор
15:05
43 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как закон о женском предпринимательстве может изменить роль женщин в экономике
12:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Зоопарк тууралуу эмне билишибиз керек? — Кыргызстандагы жалгыз зоопарктын абалы
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Особый акцент
Роль Глобального Севера в современном мире — беседа с экспертами
14:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Как приобрести собственное жилье в ипотеку – самое важное об условиях ГИК
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстандын азык-түлүк индустриясын ирилештирип, ЕАЭБ рыногун ээлөө мүмкүнчүлүгү жогору
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В Кыргызстане хотят запретить ряд опасных пестицидов: какие альтернативы есть у фермеров?
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Коомдогу жан дүйнө кемтиги эмнеден улам пайда болот?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
По следам истории
Исторические связи кыргызов и калмыков в эпосе “Манас”
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Билим берүү мекемелеринде акча чогулткандарга айып салынат — бул жол менен көйгөйдү толук токтотуу мүмкүнбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Сулуунун өмүрүн алып тынган айыкпас оору

Жазылуу
Кутман таң! Жайдын саратанында эс алууга Көлдү, жайлоону көздөй агылгандар арбын болсо керек. Ал эми калаада адаттагыдай иш кызып, эл таң атпай кызмат, жумуштарына шашып жөнөдү. Анткени бүгүн апта башы. Бизде жумуш кызуу башталды.

Анча-мынча бийчини артта калтырган "келин". Instagram колдонуучусу Сайкал Жумалиева келин образында бийлеген жаңы видеосун социалдык тармакка жүктөп, көпчүлүктүн көңүлүн көтөрдү. Буга чейин да өзгөчө бийлери менен күйөрман топтой баштаган " келин" бул сапар кара түстөгү халат кийип алып Бейонсенин ырынын ыргагы менен айыл ичинде бийлеген.

"Даң-даңчы" Эмил. Акыркы эки айда интернет айдыңында "Чала спортик" аталышындагы кыскача видеолор популярдуу болууда. Спорт залга бир-эки жолу баш багып алып, "даң-даң" деп төш каккан чала спортчунун ролун актер Эмил Эсеналиев аткарат. Кабарчыбыз Гүлдана Талантбекованын жаш актер менен болгон маегин бул жактан окугула.

Белгилүү комузчу Самара Токтакунова айылга кат жазды. Ал катында Бишкектен кол сунса жетчүдөй болгон Кызыл-Сууну, кичине кезинде керки менен чапкан комузун эстеди. 

Трамп Франциянын канайымына суктанганда. АКШ президенти Дональд Трамп Франция лидери Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөр болор алдында анын жубайы Брижит Макрондун мүчөсү келишип турганын айткан. Бул учурду өз көзүңүз менен көргүңүз келсе, дароо шилтеме аркылуу кириңиз. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовФутболчу Айдана Оторбаева
Футболистка сборной Кыргызстана и мастер спорта КР Айдана Оторбаева - Sputnik Кыргызстан
Футболчу Айдана Оторбаева

Аянычтуу тагдыр менен коштолгон ийгилик. 21 жаштагы спортчу Айдана Оторбаева 7-июль күнү футбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери аталды. Бирок ийгиликке жеткен менен спортчу кыздын жүрөк ооруткан окуясы бар экен. Айдананын жетишкендиги жана азаптуу күндөрү тууралуу кабарчыбыздын материалына көз чаптырыңыз

Жаман дарт акыры сулуунун өмүрүн алып тынды. Апта соңунда "Кыргызстан чүрөгү — 2013" наамынын ээси Жибек Нукеева көз жумган. Айыкпас дартка кабылган Жибектин артында бир уулу калды. Аттиң… Жакындарына көңүл айтуудан башка арга жок…

Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болот.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.85 (сатып алуу) жана 69.25 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 38.90 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.10 сом, ал эми дизель майы 36.90 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Биринчи байлык ден соолук.

Жагымдуу күн каалап, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0