Эмил Эсеналиев: "Чала спортиктин" образында одоно сөгүнүп жатам деп эсептебейм

© Фото / Эмил ЭсеналиевАктер Эмиль Эсеналиев
Актер Эмиль Эсеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы эки айда интернет айдыңында "Чала спортик" аталышындагы кыскача видеолор популярдуу болууда. Спорт залга бир-эки жолу баш багып алып, "даң-даң" деп төш каккан чала спортчунун ролун актер Эмил Эсеналиев аткарат.

Тамашоу лигасындагы "Ак-Өргө сити" командасынын бир кездеги көрүнүктүү оюнчусу, жаш актер Эмил менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Эмил, ар бир эле иштин максаты, багыты болот эмеспи. Сиз ойногон "Чала спортик" аталышындагы видеолор кандай максатта тартылат?

— Элге күлкү тартуулап, маанайын көтөрүү — менин жумушум. Бул видеолорго чейин Тамашоудо ойноп, кино жаатында эмгектенип аз да болсо эл арасында атым бар болчу. Андыктан таанылуу максатында десем туура болбой калат. Видеолор телефонго эле тартылат. Эки айдын ичинде он чакты видео жүктөдүк.

Чала спортсмен vs Чыныгы спортсмен🏋🏻‍♀️ @neformat.kg

Публикация от @emilesenaliev Июн 9 2017 в 3:54 PDT

—Кыска мөөнөттүк видеодо сөгүнгөн элементтер да бар. Ансыз болбойбу?

— Ансыз болбой калат. Анткени образ ошонусу менен ачылып жатат. Мен алектенген видеолор — вайнерлик. Жеке баракчама гана чыгарып, эч бир жалпы маалымдоо каражаттарына же компанияларга саткан жокмун. Анын үстүнө өзүмдү видеодо одоно сөгүнүп жатам деп эсептебейм.

— Негизи чыныгы спортчулардын арасынан бул боюнча кандайдыр бир пикирлерин айткандар болдубу?

— Белгилүү балбан Канат Бегалиев агай аябай мактап, эң жакшы аткаруу болду деп айтты. Футболчу Мирлан Мурзаев экөөбүз дагы ушул образдан кийин жакшы мамиледе болуп калдык. Спортчулар алкыштан башка таарынгандай деле сөз айткан жок. Чала спортик — бул залга бир-эки жолу барып алып, курулай кыйын болгондор тууралуу.

— Өзүңүз спорт менен машыгасызбы?

— Бала кезде эркин күрөшкө катыштым, футбол ойнодум. Учурда жума сайын спорт залга жана бассейнге барып жатам. Спорт өзүмө жагат.

—Чала спортик Ема менен өзүңүздүн кандай окшош жактарыңыз бар?

— Чала спортик экөөбүз бир эле адамбыз. Ошондуктан кээ бир жерибиз аябай эле окшош. Үнүбүздөн деле байкап жатсаңыз керек. Мен өзү Ак-Өргө конушунда өскөм. Биз жаш кезде балдар арасында "катуу система" бар эле. Видеодо көрсөткөн айрым ыкмалар ошондон алынган.

— Жашоодо кандай адамсыз?

— Өзүм тарс-турс жүрүп, бетке айткан баламын. Корс кыялым бар, ошол эле учурда боорукермин.

Уй булом ✋

Публикация от @emilesenaliev Май 20 2017 в 8:42 PDT

– Элди күлдүрүү оңойбу?

— Элди күлдүрүү кыйын эле. Жакшы тема, жарашыктуу образ, анан туура убакытта күлдүрүү керек. Убакыт дегеним, балким бир адамда чоң кыйынчылык болуп жатса, күлдүрөм деп убара тартпаш керек. Эң башкысы элди сезиш керек.

Снимок с социальной сети Instagram пользователя sandrabrave_ - Sputnik Кыргызстан
Жайлоодо бийге түшкөн "келин": бийлебешим керек эле...
– Негизи "Тамашоунун" экс балдары чыгармачылыктын ар тарабынан өз ордуңарды таап, актердук, алып баруучулук, ырчылык, тамадалык жагынан элге белгилүү болдуңар. Бул тагдырбы?

— Чындыгында учурда жылдызы жанып жаткан жаштардын көпчүлүгү "Тамашоу" долбоорунан чыккан. Мен бул жетишкендигим үчүн Эрмек Нурбаев агама ыраазычылык билдирем. Тагдырбы же башкабы билбейм. Бирок, балдар убагында өздөрүн күн-түн дебей чыгармачылыкка арнаган, учурда үзүрүн көрүп жатышат.

— "Тамашоу" долбооруна кантип келип калгансыз?

— Тамашоуга чыккан "Ак-Өргө ситинин" балдары конуштагы бир көчөдө жашап, бирге чоңойгонбуз. Мектепти бүткөн жылдары гезиттеги жарнама аркылуу барып калганбыз.

— Сизге куудулдук талант кимден берилген?

— Куудулдук, ырчылык талант атамдан келген. Атам сөзгө чечен, ырды катыра ырдап, комуз, аккардеон, гитараны жакшы ойногон киши.

— Интервьюлардын биринде тамашоучу болбосом, ырчы болмокмун деп айтыптырсыз. Эмнеге азыр деле актерлук менен ырчылыкты айкалыштырбайсыз?

— Ооба, азыр да ырчы болгум келет. Бирок, элге актер катары таанылып алгандан кийин гана ырчы болсом дейм. Ар өнөрдү аркалап элди тажатып алуудан корком.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Учурда вайнерлик менен алекмин. Чыгармачылык жаатында тасмада башкы каармандын бирине тартылып жүрөм. Пландар көп, аларды иш жүзүнө ашырганга убакыт керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0