БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Аламүдүн районундагы ГЭС-5 аймагында 19 жашар бала чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аны издөө иштерине 9 куткаруучу тартылып, баланын сөөгүн таап милицияга өткөрүп беришкен.
Учурда окуянын чоо-жайы аныкталууда.