БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Гонконг шаарында өткөн бий боюнча биринчиликте кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарды камсыздашты. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорту федерациясынын президенти Cергей Титунин билдирди.
Анын айтымында, WDSF Asian Championship taken place in Hong Kong —2017 аталышындагы бий жарышы 7-9-июль күндөрү өттү.
"Биздин Артем Семеренко менен Валерия Качалко латино бийи боюнча күмүш, Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей коло медаль тагынышты", — деди Титунин.
Мелдешке 15 өлкөдөн 25 спортчу катышкан.