Доллар кымбаттады деп кыйпычыктоонун жөнү барбы? Валюта рыногунда абал кандай

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку эки айда доллардын куну өсүп, бир-эки сомго кымбаттады. 2015-жылдагы экономикалык дүрбөлөң кайталанышы мүмкүнбү? Эске салсак, анда каражатын сом түрүндө сактаган кыргызстандыктар тапкан-жыйганынын үчтөн бир бөлүгүн алеки заматта жоготкон.

БИШКЕК, 7-июл — Sputnik. Эки айдан бери Кыргызстандын акча алмаштыруучу жайларында доллардын кымбаттаганы байкалууда. Valuta.kg топтолмо сайтынын маалыматына ылайык, АКШ валютасы апрель айында алда канча арзандаган болсо, андан бери анын рыноктогу наркы бир кылка жогорулап келет.

Акыркы бир нече айда эле эки сомго кымбаттады. Азыр акча алмаштыруучу жайлар долларды 69,6 сомго сатып алып, 69,9 сомдон сатышууда.

Эми эмне кылыш керек? Банкка чуркап сом түрүндө сакталган каражатты"жашылбайга" алмаштыруу керекпи? Серепчилер бул маселенин тегерегинде ой калчашты.

Америкалык валютанын "семириш" себеби эмне?

Серепчилер доллардын жогорулашынын эки себебин белгилешет. Биринчиси – дүйнөлүк рыноктогу Кыргызстанга эч тиешеси болбогон өзгөрүүлөр. Экинчиси – өлкө ичинде орун алган окуялар. Кепти ушундан баштайлы.

Кыргызстан рыногунда доллар канчалык көп айланса, анын куну ошончолук төмөн болот. Экономист Нургүл Акимова өлкөдө доллардын санына үч фактор таасир этерин айтат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Нургүл Акимова
Эксперт: пришло время хранить сбережения в нацвалюте - Sputnik Кыргызстан
Экономист Нургүл Акимова

"Эгер Кыргызстан башка мамлекеттерге товарды көп сатса, доллар арзандап, сомдун куну өсөт. Анткени, тышкы соода америкалык валюта менен жүргүзүлөт эмеспи. Ушул тапта мындай нерсе байкалбайт. Доллардын кымбатташынын экинчи себеби – эмгек мигранттарынын акча которууларынын жогорулашы. Мында да эч кандай өсүш байкалбайт", — деп белгиледи серепчи.

Анын айтымында, доллардын өсүшүнүн үчүнчү себеби – башка өлкөлөрдөн карыз алуунун көбөйүшү. Азыркы чакта жаңы карызды да кыйылып жатып алабыз, Кыргызстан мурдагы алган насыяларын жабууга аргасыз.

Ошондой эле сомдун кунуна алдыдагы президенттик шайлоонун да таасири бар деген оюн Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Бизнес жана ишкердикти өнүктүрүү кеңешинин мүчөсү Искендер Шаршеев билдирди. 

© Фото / Айжамал КондучаловаБизнес жана ишкердикти өнүктүрүү кеңешинин мүчөсү Искендер Шаршеев
Исполнительный директор Ассоциации иностранных инвесторов Искендер Шаршеев - Sputnik Кыргызстан
Бизнес жана ишкердикти өнүктүрүү кеңешинин мүчөсү Искендер Шаршеев

"Саясий күчтөр шайлоо фонддорун шайлоо маалында сомго айлантып сарптоо үчүн азыр каражаттарын доллар түрүндө толуктоодо. Бул күзүндө доллар арзандайт дегенди билдирет", — деди серепчи.

Шаршеевдин пикиринде, Кыргызстандын ири ишканалары күйүүчү майды америкалык валюта менен сатып алышууда. Бул да өз кезегинде доллардын өсүшүн шарттайт.

Кыргызстан эч таасир эте албаган себептер

"Америкалык акчанын" кымбатташына ички таасирлерден тышкары, сырткы да себептер роль ойнойт.

Кыргызстанда улуттук валюта наркынын төмөндөшүн пофессор, финансист Сыргак Кыдыралиев соңку айларда дүйнөлүк рынокто мунайдын баасынын дээрлик 9 пайызга төмөндөшү менен байланыштырат.

"Сомдун тагдыры экономикалык жактан россиялык рубль менен тыгыз байланышта. Андан мунай наркы көз каранды. Акыркы убакта мунайдын баасы төмөндөп, бул россиялык валютанын да арзандашына таасир этет", — деп белгиледи профессор.

Пяти долларовая и Тысячи сомовая купюра на столе. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Доллар кымбаттоодо. Улуттук банк үч күн ичинде 22 млн. "жашылбай" сатты
Серепчилер ошондой эле АКШнын Федералдык резервдик тутумунун (ФРТ) былтыркы кадамдарын эске салышат. 2016-жылдын башынан бери пайыздык ченди чейректен 1,25 пайызга чейин жогорулаткан, мындай аракет дүйнөдө доллардын кунун көтөрдү.

"АКШ ФРТнын өлчөмдүк жумшартуу программасы расмий түрдө ишин токтоткон, ал эми бүткүл дүйнө кымбат доллардын үзүрүн көрүүдө. Жакынкы аралыкта америкалык валютанын өсүшүн токтото албайбыз", — дейт ишенимдүү түрдө Нургүл Акимова.

Доллар алууга акча алмаштыруучу жайларын акмалоо зарылбы?

Доллардын мындан ары да жогорулап-жогорулабашы туурасында серепчилерде бир пикир жок. БГУнун Менеджмент жана социалдык-маалыматтык технологиялар кафедрасынын башчысы, экономикалык илимдердин кандидаты Кеңешбек Алимбековдун айтымында, кыргызстандыктарды дүрбөтө турган жагдай жок.

"Күздө сомдун наркы жок эле дегенде президенттик шайлоодон улам өсүшү мүмкүн. Андан тышкары, валюта рыногундагы термелүүлөрдүн калкка таасири тийбеши үчүн Улуттук банкта жетишерлик каражат бар. Акыркы айларда өлкөнүн башкы банкы интервенцияга 15 миллион доллар жумшады", — деди серепчи.

Анын пикирине профессор, экономикалык илимдердин доктору Айылчы Сарыбаев да кошулат. Профессор бул убактылуу көрүнүш экенине ишенет.

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы 159 миллион сомго өстү
"Кыргызстанда сомдун куну экономикалык реалдуу сектордон таасирленбейт, ал азыр Улуттк банктын саясаты менен жөнгө салынат. Алар терс таасирлерди ооздуктап, курсту турукташтырып турат", — деп белгиледи серепчи.

Сыргак Кыдыралиев жана Нургүл Акимова доллардын өсүшү баары бир тышкы таасирлерге – мунайдын арзандашы жана ошондой эле АКШнын ФРТсы белгилеген пайыздык чендин өсүшүнө байланыштуу деген пикирди карманышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0