БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Афганистандын президенти Ашраф Гани Душанбеде өтүп жаткан CASA-1000 долбоорунун саммити алкагында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатып, афган студенттеринин Кыргызстандан билим алуусуна кызыкдар экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Гани CASA-1000 долбооруна катышып жаткан мамлекеттердин энергетика жана санарип технологиясы жаатында өз ара кызматташуу демилгесин колдой турганын айтып, Кыргызстан менен билим берүү багытындагы мамилелерди тереңдетүү зарылдыгына токтолду.
"Негизинен афган президенти өлкө жарандарынын Кыргызстандан билим алуусуна кызыкдар экенин айтты", — деп жазылат маалыматта.
Муну менен бирге өкмөт башчы президентти 25-августта экинчи ирет өтө турган ак илбирсти сактоо боюнча дүйнөлүк форумга катышууга чакырды.