56 жаштагы Кабыл Макешов спорт журналистикасына кошкон салымы үчүн "Дене тарбия жана спорттун мыктысы" төш белгисин тагынган. Дүйнөлүк Олимпиада оюндарын чагылдырууга 9 жолу барган.
— Кабыл мырза, бул суроо канчалык кадыресе болбосун, бардыгына кызык экендиги маалым. Эмне себептен журналистиканын спорт тармагын чагылдырууну тандап алгансыз?
— Адегенде айылдык мектепте, андан соң жогорку классты Нарын шаарындагы Токтогул мектебинде окудум. Шаардык балдар айылдык деп намысыма тийгенде, ичимден "мен силерге кандай болушту көрсөтөм" деп жүрчүмүн. Спортто активдүүлүгүмдү көрсөтүп, эркин күрөшкө, лыжа менен чуркоо, жеңил атлетика менен машыгып, республикалык мелдештерге катыштым. Спортто жүрүп, спортту жаза баштадым. Алгачкы макалам 1976-жылы "Нарын правдасы" гезитине жарыяланган. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн аяктап, Кыргыз телерадио комитетинин балдар жана жаштар редакциясында редакторлуктан спорт бөлүмүнүн башчылыгына чейин беш жыл эмгектендим. Кыргыз журналистикасындагы улуу агаларым журналистика океан сыяктуу, ары-бери сүзөсүң, бара-бара өзүңдүн темаңды таап адис болушуң керек деген кеңештерин беришчү. Башка улуттун өкүлдөрү спортту жаза албайсыңар, түшүнбөйсүңөр деп намыска тийгенде биротоло спорт журналистикасына аралаштым. Кыргызстандын тарыхында 1992-жылы "Байге" спорттук гезитип уюштуруп, башкы редактор болуп иштедим. Менин демилгем менен 1995-жылы cпорт журналистикасынын федерациясы уюшулуп, Эл аралык спорт журналисттеринин бирикмесине (AIPS) мүчө болдум.
— Учурда ар бир маалымдоо каражатында кеминде бирден спорттук журналисттер бар. Алардын спортту чагылдыруу чеберчилигине кандай баа бересиз?
— Буга чейинки маектериңизден 9 жолу олимпиада оюндарын чагылдырууга барган деп окудум эле. Жумуштун оорчулугу эмнеде?
— Дүйнө жүзү боюнча жайкы олимпиада оюндарын чагылдырууга 25 миң, кышкы олимпиадага 15 миң журналист барат. Ал жакта жалпыга маалымдоо каражаттарынын өзүнчө айылы куралат. Кайсы бир өлкөгө барып, маалымат берүү үчүн атайын уруксат алышат. Кыргызстанга Эл аралык олимпиада комитети бир гана журналистке квота берген. Чагылдыруунун акысын журналист өзү же ал иштеген компания төлөшү керек. Каражаттын жоктугунан көп журналист бара албай жүрөт. Бир Олимпиадага барыш үчүн жок дегенде 3-7 миң долларга чейин акча сарпталат. 6 жайкы, 3 кышкы олимпиада оюндарын чагылдырып, чыгымдарын өзүм төлөп, айрым учурда демөөрчүлөрдөн жардам алып келем. Акыркы Рио Олимпиадасына барганда мамлекеттик спорт агенттиги каржылап берди. Себеби, убактылуу басма сөз катчысы катары жардам бердим.
— Олимпиада оюндарын чагылдырганга баргандан кийин башкаларга да маалымат бөлүшөсүз. Сиздердин маалыматтарды биздин кесиптештер туура эле чагылдырып жатыштыбы?
— Туура бергендер дагы, ошол эле учурда мен берген маалыматка шилтеме кылбай эле өздөрү даярдап койгондой чагылдырып жаткандар да болду. Мурун "Азаттык" менен "Би-Би-Си" маалымат каражаттарына жеринен түз алып берчүмүн. Негизи андай жерлерге телерадио журналисттери сөзсүз керек. Чет өлкөлүк журналисттер атайын команда, техникалык жабдуулар менен барышат. Менде тыңыраак фотоаппарат да жок. Спортко болгон мамиле өлкө жетекчилеринен да көз каранды өңдөнөт.
— Спортчулар тууралуу эмне деп айта аласыз?
— Мага таарынышпасын, бирок, спортчулар интеллектуалдык деңгээлди өстүрүш керек. Көбү китеп окушпайт. Билимдүү адам кай жерде болбосун өзүнө ишеним артып, эмне кылышты билет. Спортчуларыбыздын көбү беттештен кийин дене-башты кантип калыбына келтир керектигин билбейт, анан оорукчан болуп калышат. Бизде спортчуларды советтик ыкма менен машыктырып келишет.
Машыктыруучулардын деңгээли да эл аралык талаптарга жооп бербейт. Мисалы, кызытма дарылардын миңдей түрүнө тыюу салынган. Анын баарын билиш керек. Дүйнөлүк спортто англис тилин өздөштүрүү маанилүү.
Илгери Советтер союзунун спорттук командалары машыгууларын көлгө келип өткөрчү. Көлдөгүдөй жаратылыштын ыңгайы Мексикада гана бар экен. Керек болсо космонавттар ден соолугун калыбына келтириш үчүн Ысык-Көлгө келишчү. Казак спортчусу Эрмахан Ибраев интервьюсунда Олимпиада чемпиону болушума Ысык-Көлдүн таасири болду деп айтканы бар. Колдо турган мүмкүнчүлүктү пайдалана албай жатабыз.
— Жумушуңуз канчалык түйшүктүү болбосун, артыкчылыгы да болсо керек. Спорттун аркасы менен эл-жерди тааныйсың дегендей?
— Кыргызга сөз тийгизбейин деп адеп, намыс менен жүрөм. Ар бир оюнда ак калпак баштан түшпөйт. Биринчи атың үчүн иштешиң керек экен. Турин кышкы олимпиадасында казактар өздөрүнүнүн спорттук энциклопедиясын белек кылышты. Федерация жетекчилерине бул идея менен кайрылганымда эч ким жардам берген жок. Элүүгө чыкканда той бербей беш жылдай материал чогултуп, "Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" аттуу толук түстүү китеп чыгардым. Арасында мен кирбей калыпмын дегендер болду. Кайра маалымат чогултуп экинчи басылышын чыгардым. 2014-жылы англис жана кыргыз тилдеринде "Азия Олимпиадалык кеңеши: Азия оюндарынын тарыхы" аттуу толук түстүү китебим жарык көрдү. Бул нерсени 45 мамлекет жасай электе кылдым. Баш-аягы алты китеп чыгарып, 60 миң доллар акча сарптадым.
—Алдыда кандай пландарыңыз бар?
— Учурда Ишки иштер министрлигине караштуу "Бетме-бет" гезитинде иштейм. Жакында эле "Абакир — азыркынын Кошойу" деген китебим жарык көрдү. Дзюдо спортунун тарыхы боюнча китеп жазып бүттүм. Эркин күрөш тууралуу да эмгек жараткам. Эми буларды көрүп алып, Тогуз коргоол федерациясы дагы китеп жазып бер деп жатышат. Аркаңда калган китеп эле болот экен.