Кийинчерээк муну Таңнуру Мухаммет аттуу этникалык кыргыз кызы сынак учурунда ырдаганын билдим. Аны редакцияга чакырып эл оозуна алынган мукам үнү, кыргыз тойлорунун таң калычтуу учурлары жана кыргызстандыктарга турмушка чыкпоо боюнча ата-энеси менен түзүлгөн "келишими" туурасында баарлаштык.
— Ырыңызды угуп кубанганыбыз менен айрымдарга кайсы жерде ырдаганыңыз белгисиз болууда. Маегибизди элдин алкоосуна татыган аткарууңуздан баштасак.
— Ал чыгарманы 2015-жылдын декабрь айында Кытайда өткөн "Жибек жолу жаңырыгы" деген сынакта ырдагам. Ал убакта Бишкектеги Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда 5-курс болчумун. Уюштуруучулар менен байланышып Кыргызстанда окуп жатканымды айтсам, анда кастингге катышпай эле сынактын биринчи туруна келе бер дешти. Барсам мени менен кошо катышкандардын саны 3000ден ашык экен.
— Ал сынакка кытайлыктар гана катыша алабы, эрежелери кандай болду?
— Сахнада үч-төрт мүнөт ырдаган менен ага чейинки түйшүгү көп болсо керек?
— Азыр интернет желеси кеңири жайылып, кайда болбо издеген нерсеңди табууга мүмкүнчүлүк бар. Мурда кыргыз ырлары сиздерге кандай жолдор менен жетчү?
— Биздин үй-бүлө мүчөлөрү башка тармакта иштесе да маданиятка жакын болушкан. Бала чакта радиолордон кыргыз ырларын угуп, сөзүн түшүнбөсөм да обонун ээрчип ырдай берчүм. Жанагы "Сап-сап бир учкан таранчы, санын бузбай саначы" дегенди "сапыр-топур" деп ырдасам үйдөгүлөр күлкүгө алган. Биринчи жолу чоң сахнага 12 жашымда чыктым. Анда "Энекебай" деген ырды араң жаттап барып ырдап жатсам жарымына келгенде свет өчүп калды. Ал убакта өзүм кытайча, англисче чыгармаларды аткарып, кыргызча ырларды ата-энем үйрөтөөр эле. Анан атайын музыкалык билим алайын деп Кыргызстанга келгем. Башында бул жакта жашап калам деп ойлогом. Убакыт өткөн соң кайра Кытайга кетүүнү туура көрдүм.
— Оюңуздун өзгөрүүсүнө эмне себеп болду?
— Канчалык аракет кылба баары бир аздыр-көптүр чөйрө таасир берет экен. Кытайда жүргөндө таңкы саат 5-6ларда туруп окууга же ишке жөнөп, маал-маалы менен тамак жечүбүз. Бул жакка келгенден кийин баары өзгөрүп жалкоо кызга айландым, уйкучу да болуп баратам. Мурдагы жашоо ритмимди табышым керек.
— Анда чыгармачылыгыңызды ошол жактан улантасызбы?
— Май айында улуттук филармонияда жеке концертимди өткөргөм. Эми Кытайда кыргыздар жердеген аймактарга барып концерт берүүнү пландап жатам. Ал жакта кыргыздын элдик ырларына суроо талап күч болот.
— Кызыл-Суулук кыргыздардын концерттери кандай форматта өтөт?
— Майрамдык иш-чарабы же жөнөкөй концерт болобу сөзсүз түрдө башында "Манас" айтылат. Андан кийин төкмөлөр чыгып эл менен саламдашат. Мындай көрүнүш салтка айланып калган. Ушулар эле болбосо калганы бул жактагыдан анча деле айырмаланбайт.
— Ал жактын тойлору да өзгөчө шаң-шөкөт менен өтөт дешет. Эки жактын тойлорунан кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыз?
— Ата-энеңиз эмне менен алектенет, бул жакта жалгыз турасызбы?
— Атам соода байланыштар тармагында, апам жол куруу боюнча адис болуп эмгектенген. Учурда алар пенсия курагында. Улуу агам Кыргызстанда эки жылдан бери кытайлыктардын алтын кенинде котормочу болуп иштейт. Ал Нарындык кызга үйлөнгөн. Кичүү иним окуусун быйыл бүттү.
— Балким сизди дагы Кыргызстанга келин кылууга ниеттенген мырзалар болгондур…
— Бул жакта жакшы мырзалар көп экени талашсыз. Бирок мен Кыргызстанга келердин алдында үй-бүлөм менен "келишим" түзгөнбүз. "Мен Кыргызстанда калбайм, кайра келип ушул жактан турмушка чыгам" деп тил кат жазып, кол тамгамды калтырып келгем. Ошол шартты бузбай кармап жүрөм.