БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча тараган маалыматка карата президент Алмазбек Атамбаевдин пикирин колдой турганын билдирди.
"Президент экөөбүздүн оюбуз бир. Мен мамлекет башчынын позициясын колдойм", — деп Чыныбай Турсунбеков Россиянын Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолуккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Буга чейин ЖМКларга Россиянын мамлекеттик Думасынын коргонуу комитетинин төрагасы Владимир Шаманов Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп айткан кебин жарыялаган. Бирок Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши менен Казакстандын ТИМи бул маалыматты четке каккан.
Атамбаев Россияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча маселе көтөрүлбөгөнүн маалымдаган. Президент бул үчүн ЖККУ менен БУУнун резолюциясы керектигин билдирип, ал президент болуп турганда кыргыз аскерлери Сирияга жиберилбей турганын белгилеген.