БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында TENGRI music-2017 классикалык музыканын III эл аралык фестивалы ачык асман алдында өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Музыкалык иш-чара президенттин аппараты, Маданият министрлиги жана мэрия тарабынан колдоого алынып, 28-29-июнга пландалган.
"Фестивалга Европа, Түркия, Азербайжан, АКШ, Россия, Казакстан жана Кыргызстандын музыканттары катышат", — деп айтылат маалыматта.
Каалоочулар 28-29-июнь күндөрү кечки саат 19.00дө Түштүк дарбаза паркында өтчү музыкалык иш-чарага күбө боло алышат.