Кыргызстандан Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов менен "Арча" адабий сыйлыгынын лауреаты Арслан Капай уулу Койчиев катышты. Кабарчы Таалайгүл Усенбаева бул жаатта Арслан Капай уулуна бир нече суроолорду узатты.
—Айтсаңыз, калемгерлер бул жолугушууда чечилбей келе жаткан кайсы суроолорго жооп табышты?
— Ар түрдүү агымдар, идеологиялар камыр-жумур аралашкан учурдагы кайнаган жашоонун, азыркы коомдун рухий саламаттыгына, ургалдуу өнүгүүсүнө жазуучулардын таасирин талкуулоо, пикир алмашуу – Алматыдагы жыйындын негизги темасы болду. Россия, Кытай, Түркия, Азербайжан, Британия, Кыргызстан жана дагы башка көптөгөн өлкөлөрдүн акын-жазуучулары чогулуп, эки күн бою кызуу талкуу жүрдү. Жазуучунун таасири, коомдогу орду, козгогон маселелери, чет тилдерге которуу, калем акылары сындуу темалардан тартып, китеп басып чыгаруу, китеп окутуу, китепканалар тууралуу маселеге чейин сөз козголду. Иш-чара казак жергесинде өтүп жаткан соң, албетте, Казакстандын тажрыйбасына көңүл бурулду.
—Учурда кыргыз-казак окурмандары үчүн орус тилинин салмагы канчалык деп ойлойсуз? Мурдагы көрүнүш өзгөрдүбү?
— Сурооңузга эки өңүткө бөлүп жооп берсем. Биринчиси, кыргыз-казак адабиятынын алакасы үчүн мааниси, экинчиси, жалпы маданият үчүн мааниси.
Ал эми сурооңдун экинчи өңүтүнө келсек, албетте, орус тилинин орду кыйлага сакталат го. Таңазар албай коюуга мүмкүн да эмес. Себеби, бул тилде түз эле дүйнөлүк адабияттын төрүнөн орун тапкан не бир шедеврлер жаралды, жаралып да жатат. Тарыхый жактан ушундай калыптанып калган соң, орус тилин орус адабияты, анан дүйнөлүк адабият менен таанышуунун кошумча ресурсу катары колдонууну уланта беришибиз керек, колдон келсе, күчтөнтө беришибиз керек.
—Казакстан улуттук адабиятын чет тилдерге, биринчи кезекте коңшуларынын тилине которууну баштай турганын билдирди. Адабий өңүттөн алганда бул эмнеден кабар берет?
— Ооба, учурда ушундай көрүнүш дале уланып жатат: мурдагы советтик республикалардын адабияты кыйратты дегенде орус тилине которулуп, андан ары таанытуу солгун. Маселен, Абиш Кекилбаев, Дулат Исабеков, Улугбек Есдаулетов сындуу бирин-экин казак авторлорунун эмгектерин эске албаганда, жалпы казак адабиятынын мыкты үлгүлөрүн англис тилине оодаруу иши ыкшоо туюлат. Бирок Казакстандын мүмкүнчүлүгү чоң эмеспи, оң жолго коюлса керек. Ал эми коншу элдердин тилине которуу жагына келсек, бул демилге кубаттоого гана арзыйт. Интеграциянын маданий өңүтү деп атай туралы.
—Адабияттын дөө-шааларынын эки элдин адабиятын камыр-жумур кылган өрнөктөрү канткенде үзгүлтүсүз уланат?