БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Астана шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин ачылышында кыргызстандык өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа тартууланган. Анда "Акак" комузчулар ансамбли сегиз өлкөнүн президенттеринин алдында "Маш ботой" күүсү аткарып беришкен.
Күү аткарылып жатканда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев таланттуу балдарга мээримин төгө байкоо салып, аткаруу бүткөндөн кийин бардык президенттер кол чаап, ыраазычылыгын билдиришкен.
Эске сала кетсек, 9-июнь күнү Астана шаарында ШКУнун саммити өткөн.