БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Түз байланыш" учурунда кыздары жана неберелери тууралуу суроолорго жооп берди.
"Айтылган ар кандай ушактарга карабай менин кыздарым Россияда, Москвада жашайт. Неберелерим да бар. Алар да кадимки турмушта жашашат. Кыздарым илим жана билим берүү жаатында эмгектенишет. Эч кандай саясатка аралашпай өз жашоосу менен алек", – деди президент.
Ал ошондой эле жакында эле экинчи небереси төрөлгөнүн айтып, улуусу бала бакчага барып калгынан кошумчалады.