Бишкек, 15-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрүнүн саны 80 миңге жакындап барарын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Президент 80 миңдин ичинен 30 миңи жалданып келгендер экендигин кошумчалаган.
"Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөлөрүнүн саны 80 миңге чамалап барат. Алар дүйнөнүн 80 мамлекетинен келгендер. Анын арасында Россиядан кеткендер да бар", — деп айткан Путин режиссер Оливер Стоун тарткан фильмде.
Интервью 2015-жылдын июль айында жасалган.