Уста Юлдуз Байбаева: "кыз киши кантип унаа оңдосун" деп басып кеткендер болгон

© Фото / Зульфия ТургуноваМастер по ремонту автомашин Юлдуз Байбаева
Мастер по ремонту автомашин Юлдуз Байбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы үйлөрдүн бириндеги унаа оңдоочу жайда кезек күткөндөрдүн аягы үзүлбөйт. Анткени кардарлардын унааларынын карбюраторун уста Юлдуз Байбаева узун, назик колдору менен заматта сыртка чыгарып, унаа ээсине машинанын эмне болгонун түшүндүрө баштайт.

17 жаштагы Юлдуз Байбаева бул өнөрдү атасынан үйрөнгөн.

"Атам шакирттери менен унаа оңдоп жатканда мени жакын жолотпой кууп жиберчү"

Женщина комбайнер Жамиля Тойчубекова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жамиля Тойчубекова: ичи тарлардын айынан 60 жашымда комбайн айдаганды үйрөндүм
— Өзүм жаш кезимден бери эле ушул ишке кызыгам. 4-5 жылдан бери унаанын ар түрдүү тетиктерин оңдоп келем. Мени атам шакирттери менен унаа оңдоп жатканда жакын жолотпой кууп салчу. Бирок кызыгуум күч болгондуктан жолотпогондугуна карабай, үйрөнүп алдым. Учурда машиналарды башынан аягына чейин өзүм эле эч чочулабастан оңдой алам. Азыр карбюраторду карап жатам. Айрым тетиктери туура келбегендиктен күйүүчү май көп чыгымдалып жатыптыр. Карбюраторду тазалап, өзүнүн тетиктерин коюп берем, мындан ары бензин ашыкча коробойт. Негизи бардык эле үлгүдөгү унаалардын электр тогуна тиешелүү тарабынан башка мотор, инжектор, моновпрыск, коллектор сыяктуу бөлүктөрүн карап, оңдой берем. Мотор унаанын жүрөгү болсо, карбюратор унаанын ашказаны деп эсептейм. Бул боюнча атайын билимге ээ эмесмин, бул боюнча билим алам деп деле аракет кылбайм. 

"Кыз кантип эле унаа оңдосун" деп кемсинткендер көп болду

— Албетте, бул кесип оңой эмес. Жаңыдан үйрөнүп, иштей баштаганда чындыгында оор болду. Кардарлардын дээрлик баары эркектер болгондуктан "кыз кантип эле оңдой алсын, жок, сен билбейсиң" деп тоготпой, сын көз менен карап, шылдыңдап, орой мамиле жасаган учурлары көп эле болду. Бирок ошол эле кардарлар ишимди көрүп, ынанып, учурда дайымкы кардарларга айланды. Азыр келишсе эски тааныштардай жакшы учурашат. Учурда кыйынчылык деле жок, көнүп калдым. Бул кесиптин өзгөчөлүгү адал эмгек деп ойлойм.

Ушул ишти аркалаганыма эч качан намыстанбайм. Жигиттер деле бычмачылык, тигүүчүлүк менен алектенип жатышат го. Менин жумушум да ошо сыяктуу. Айрым кыздар сыяктуу көчө таптап, же үйдөгү оокаттан жок, же окуудан жок, сайрандап жүргөн жокмун да. Атамдын жанында иштеп, ак мээнет менен нан таап жатам. Мага жаккан кесиптен эч качан уялып, намыстанбайм. Эркек кишиге тиешелүү кесиппи же аял кишиге тиешелүүбү, ага карап тандабайм. Өзүмө жаккан ишти колуман келсе жасай берем. 

© Фото / Зульфия ТургуноваУнаа карбюраторунун устасы Юлдуз Байбаева: өзүм жаш кезимден бери эле ушул ишке кызыгам. 4-5 жылдан бери унаанын ар түрдүү тетиктерин оңдоп келем
Мастер по ремонту автомашин Юлдуз Байбаева - Sputnik Кыргызстан
Унаа карбюраторунун устасы Юлдуз Байбаева: өзүм жаш кезимден бери эле ушул ишке кызыгам. 4-5 жылдан бери унаанын ар түрдүү тетиктерин оңдоп келем

"Нан жапканга караганда унаа тетиктерин оңдоо мага оңой сезилет"

— Мен автоунааларды тынымсыз, күнү-түнү оңдобойм. Атам үйдө жок кезде, же кардарлар кезек күтүп калып, жалгыз жетишпей баратканда гана жардам бере коем. Ал эми өзүмдүн негизги жумушум наабайчылык десем болот. Күнүнө 100 даанага чейин нан жаап, таркатабыз. Бирок нан жапканга караганда унаа тетиктерин оңдоо мага оңой сезилет. Келечекте унаа устасы болом деген деле планым жок. Тааныштарым, жакындарым унаасы бузулуп, талаада калганда же аябай зарыл болгон учурда гана жардам бербесем, негизинен наабайчылык менен гана алектенем деген ойлорум бар. 

© Фото / Зульфия ТургуноваУнаа карбюраторунун устасы Юлдуз Байбаева: машиналарды башынан аягына чейин өзүм эле эч чочулабастан оңдой алам. Азыр карбюраторду карап жатам
Мастер по ремонту автомашин Юлдуз Байбаева - Sputnik Кыргызстан
Унаа карбюраторунун устасы Юлдуз Байбаева: машиналарды башынан аягына чейин өзүм эле эч чочулабастан оңдой алам. Азыр карбюраторду карап жатам

"Бир күндө 3-4төн ашык унааны карай албайм"

— Эң көп дегенде бир унаага 300 сом алабыз. Андан төмөн баада да оңдойбуз. Бир күндө 3-4 унаадан ашуун унааны карай албайм. Анткени бир унаанын карбюраторун чыгарып, тазалап, тетиктерин кайрадан салганга эле кеминде бир саат убакыт кетет. Ал эми айдоочулар 4-5 саат убактысын кезек күтүүгө короткусу келбейт. 

© Фото / Зульфия ТургуноваУнаа карбюраторунун устасы Юлдуз Байбаева: кызга тиешелүү бардык эле жумуштарды жасай алам. Айрыкча тамак-аштын түрүн жасоого өзгөчө кызыгам
Мастер по ремонту автомашин Юлдуз Байбаева - Sputnik Кыргызстан
Унаа карбюраторунун устасы Юлдуз Байбаева: кызга тиешелүү бардык эле жумуштарды жасай алам. Айрыкча тамак-аштын түрүн жасоого өзгөчө кызыгам

"Эң башкысы унаам талаа түздө бузулуп калса, оңдой алам"

— Айдоочулук күбөлүк алгам. Өзүмдүн темир тулпарым бар. Эң башкысы — унаам талаа-түздө бузулуп калса, оңдой алам, көчөдө калбайм.

Он мүнөттө 155 жолу гиря көтөргөн Катя: жолдошум аз-маз эле сүйүп турса жетет - Sputnik Кыргызстан
Он мүнөттө 155 жолу гиря көтөргөн Катя: жолдошум аз-маз эле сүйүп турса жетет
Кызга тиешелүү бардык эле жумуштарды жасай алам. Айрыкча тамак-аштын түрүн жасоого өзгөчө кызыгам. Ооба, сезимин билдирген жигиттер да бар. 17 жашта болгондуктан турмушка чыгуу тууралуу азырынча ойлоно элекмин. Азыр мага эрте. Ырдаганды жактырам. Жакында Оштогу "Бабур" студиясынан ыр жаздырдым. Ырдын тексти менен обону жергиликтүү ырчыларга таандык. Бирок сахнада же тойдо ырдайм деген планым жок. Өзүм үчүн жаздырып койдум.

Жаңылыктар түрмөгү
0