00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Школа в цифре: как в Кыргызстане создают единую образовательную экосистему
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
13:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Азыркы жаштар: активдүү, максаттуу бирок улуттук баалуулуктар сакталуудабы?
17:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Казы Дикамбаевдин өмүр жолу жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2025-жылы МЖӨ механизми аркылуу 4 млрд. доллардай инвестиция тартылды — жаңы мыйзам кандай иштеп жатат?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Он мүнөттө 155 жолу гиря көтөргөн Катя: жолдошум аз-маз эле сүйүп турса жетет

Жазылуу
Екатерина Старикова гиря спорту боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, дүйнөнүн булуң-бурчунда Кыргызстандын желегин желбиретүүдө. Уткан медалдарын саноого манжа жетпейт, тагыраак айтканда, 200дөн ашуун ар түрдүү байгелердин ээси.

Екатерина спорттун бул түрү менен төрт жылдан бери машыгып келет. Ага эл аралык класстагы спорттун чебери наамы ыйгарылган. Дүйнө чемпионатында үч жолу күмүш медаль тагынып, бир ирет Европа чемпионатын жана Дүйнөлүк кубокту багындырган.

Балбан кыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчыларына 16дан 32 килограммга чейинки таштарды катары менен көтөрүп, өнөрүн көрсөтүп берди.

"Спортко бала чагымдан бери эле аралашып, 15 жашымда жеңил атлетика менен машыга баштагам. Бирок гиря көтөрүп калам деп ойлогон эмесмин. Бул багытка кокусунан келип калдым. Башында машыктыруучу чакырганда анча деле маани берген эмесмин. Анан бир-эки мелдешке катышкандан кийин башка турнирлерге да сунуш түшүп, андан ары уланып кетти", — деди Старикова.

Муштуму менен таш талкалап, булбулча сайраган Таш чабардын өнөрү - Sputnik Кыргызстан
Муштуму менен таш талкалап, булбулча сайраган "Таш чабардын" өнөрү
Ал кыз-келиндер арасындагы 73 килограмм салмак категориясы боюнча 24 килограммдык гиряны 155 жолу көтөргөн.

"Гиря спорту классикалык (16 кг.) жана профессионалдык (24 кг.) болуп экиге бөлүнөт. Эреже боюнча 10 мүнөт берилет да ошол мезгилдин ичинде болгон күчүңдү жумшайсың. Мен өткөн жылкы мелдеште 24 килограммдык ташты 155 жолу көтөргөм. Азыркы тапта менин салмак категориям боюнча (73 кг.) дүйнөдө алдыңкы орунда турган россиялык спортчу 192 жолу көтөргөн. Мен да келечекте ошол деңгээлге жетүүгө аракет кылам", — деди спортчу.

Ал эми анын машыктыруучусу Шамиль Яргаев гиря көтөрүү ден соолукка терс таасир тийгизбей турганын айтып, жүрөк, муун ооруларын алдын аларын белгиледи.

"Учурда Кыргызстан боюнча Екатеринанын көрсөткүчүнө эч ким жете элек. Кыздар эмес, эркектердин эң көп көтөргөнү 152ге чейин болгон. Негизи эле бизде гиря спортуна кызыккандар аз. Мында жаш курак чектелбейт. Мисалы 59 жаштагы Александр Петров аттуу ардагер спортчу азыр деле 24 килограммдык ташты 180 жолу көтөрөт", — деди машыктыруучу.

Маек соңунда темир билек кыздын келечектеги жолдошу тууралуу сураганыбызда ага тиешелүү болуш керек деген бир нече мүнөздөмөлөрдү атап өттү.

"Азырынча болочок жолдошумду кезиктире элекмин. Убакыт-сааты чыга элек окшойт. Кыялымда ал адам эң башкысы адептүү, чынчыл жана тамашакөй болсо дейм. Анан сөзсүз түрдө жаш балдарды, мышыктарды сүйүшү керек (күлүп). Ал эми мени аз-маз эле сүйүп турса жетиштүү", — деп тамаша-чын аралаш ички сезимдери менен бөлүштү.

Екатерина Старикова 25 жашта. Келечекте Дүйнө чемпионатын багындырууну максат кылып, бүт өмүрүн спортко арнап койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0