Жаманкулов: туристтердин ири агымын күтүп жатабыз
Быйыл Кыргызстанга келчү туристтердин ири агымы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү туроператорлор өнөктөштөрү менен керектүү келишимдерди түзүшкөн.
"Учурда жайкы сезонго даярдоо иштеринин баарын бүтүрдүк. Кыргызстанды туристтик жактан таанытуу максатында дүйнөлүк жарманкелерге катышып келдик. Ал жерде жергиликтүү туроператорлор өнөктөштөрү менен келишимдерди түзүштү. Андыктан туристтердин ири агымын күтүп жатабыз", — деди ал.
Жаманкулов туристтерди тейлөө жаатында бардык тиешелүү органдарга тапшырмалар берилгендигин кошумчалады.