73 жаштагы СССРдин эл артисти, залкар комузчу, "Камбаркан" фольклордук тобунун түптөөчүсү Чалагыз Исабаевдин жубайы Самара Токтакунова менен журналист Гүлдана Талантбекова маек курду.
— Өнөр жаатында ири сыйлыктардын ээсисиз. Ийгилик жылмайган күндөрү эмне жөнүндө ойлоносуз?
— Ийгиликке жеткенимдин сыры — ата-энемдин аруу тилеги. Бала кезимде жакшы ырдачумун, комузду шаарга келгенде эле черттим. Ата-энем бала кезимен эле "чоң артист болушуң керек" деп кулагыма куйган. Өзгөчө атам "Карамолдо Орозовдун "Сынган бугу" күүсүн үйрөнсөң, арманым жок өтөм" деп айтчу эле. Ийгилик бул — эмгек. Мен өмүр бою комузда кол ойнотуп келе жатам. Ийгиликке жеттим деп так, кесе айтпайм. Кудай канча күч берсе, кол ошончолук кыбырап турушу керек. Филармонияда эмгектенгенден сырткары Улуттук консерватория ачылгандан бери окутуучулукту аркалап келем. Чыгармачылыгыңды балдар менен бөлүшүү, алардын ийгилигине себепкер болуу — чоң бакыт.
— Окуучуларыңыздын оозунан "Самара эженин үйүнө чейин барып окуп, тамак иччүбүз" деп айтып калышат…
— Гастролго чыкканда Москвадагы чоң академиктер окуучуларын үйүнө чакырып алып сабак өтөт деп айтып калышар эле. Бирок мен аларды туурадым дебейм. Адамды көрүп эле түшүнсө болот. Студенттердин стипендиясы эч нерсеге жетпейт. Бирде ач, бирде ток болушат. Окуучуларымды дайыма тамагымды жасап, күтүп отурчумун. Алар дагы "эженин үйүнө барабыз, курсагыбыз тоет" деп шашып келишчү. Жөн эле сабак өтпөй сүйлөшүп, чыгармачылык тууралуу пикир алышчубуз. Окуучуларымды өзүмдүн балдарым менен тең көрдүм.
— Кийин окуучуларыңыздын баары эле сиз ойлогондой ийгиликке жетиштиби?
— Кудайга шүгүр, баары эле өнөрдөн ордун табышты. Такыр эле болбой калды дегендер фольклордук ансамблдин ичинде башкы солист болуп отурушат. Комузчулукту таштап, иштебей калгандар болгон жок.
— Убагында таланттарды туура тандасаңыз керек? Негизи эле көрөңгөсү барлар дароо эле көзгө урунабы?
Илгери апам мени музыкалык окуу жайга 31-августта алып келген. Айылдык кишилер окуу системасын деле билишпейт да. Экзамен алгандар "эртең окуу, кабыл алуу токтотулган" дегенине карабай, "айланыйындар, бир угуп көргүлөчү" деп көгөрүп туруп алган. Мен аябай уялчаак кыз болчумун, өйдө карай алган жокмун. Угуп көрүп дароо кабыл алабыз дешти. Көрсө, жогоруда айтып кеткен музыкалык үч өзгөчөлүк тең менде бар экен.
1964-жылы музыкалык училищени бүтүп, эки жылдан кийин комузчу Чалагыз Исабаевге турмушка чыктым. Атамдын кыялын орундатайын деп жети мүнөттүк "Сынган бугуну" үч күндө үйрөнүп, бир ай машыктым. Айылга ойноп берели деп барганда үйдөгүлөр кошунанын баарын чакырып, алма бактын ичине төшөк салдыртып, дасторкон жайышыптыр. Бир дем менен сонун кылып ойноп берип, ошондо биринчи жолу өзүмө ыраазы болдум. Атамды карасам бетинен ылдый жаш ага "садага болоюн, сен нан таап жегенге жарап, чоң артист болгон турбайсыңбы, эми өлсөм ыраазымын" деп ыйлаган. "Кызымдын багын ачтың" деп Чалагызга бир жалбарган. Мага кудай жолдош жагынан да, турмушта дагы, чыгармачыкта, жумушта дагы баарын берди. Бир гана жолдошумдун жол кырсыгынан каза болгону жүрөгүмдү оорутат.
— Чыгармачылыгыңызга салым кошкон жарыңыз Чалагыз агай экенин көп айтасыз?
— Мага жашоону үйрөткөн ошол киши эле. "Кир жуусаң тырмагың жарабай калат, бычакты колуңа алба, колуңду кесип алсаң бир ай сыркоолоп чыгармачылыгың үзгүлтүккө учурайт" деп эч нерсе кылдырчу эмес. Кээде жумушка кеткенде бөлмөнүн ичин бекитип, мен келгенче мобу ырды жаттап коесуң деп кетчү. Жолдошум экөөбүз эки уулдуу болдук. Чалагыз уулдары Аслан менен Актанды катуу талап менен тарбиялап, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептен окуткан. Кудайга шүгүр, турмуштан, чыгармачылыктан ордун табышкан. Беш неберем, бир чөбөрөм бар. Небере өз балаңан да таттуу деген чын экен. Алардын ар бир кылыгына кубанып отурам.
— Чалагыз агай менен кантип таанышып калгансыздар?
— Өмүрлүк жарыңыздын каза болгону катуу тийсе керек?
— Каза болгонуна такыр ишенген жокмун. Кырсыктаганда бейтапканадан айылга алып кетишип, мага бардыгы сонун деп айтышкан. Барсам боз үй тигилип, көшөгүнүн ичинде кайненем "кара көзүм кашайды" деп ыйлап отуруптур. Эч нерседен шегим жок эле көшөгөнү тартып жиберсем, жолдошум күлгүн болуп жатат. Мага мемиреп уктап жаткандай сезилди, "эмне болду ай, тур" десем унчукпайт. Жуурканын ачсам ичин зымдар менен бекитип коюшуптур. Ошо менен эмне болгонун билбейм, көзүмдү ачсам бетиме суу сээп жатышыптыр. Мен үчүн асман жерге түшүп кеткендей болду. Дагы бир таң калганым — сүйлөп жаткан комузум беш ай күүгө келбей аза күттү. Бир жыл үйдөн чыккан жокмун. Филармониянын жамаатына да ыраазымын, бирөө да унчуккан жок.
— Алдыда кандай ой-максаттарыңыз бар?