Легендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев жөнүндө 10 факты. Айтматов билетке жетпей калганда

© Александр ФедоровЛегендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев. Архив
Легендарлуу ырчы Болот Миңжылкыев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
XX кылымдын экинчи жарымындагы дүйнөдөгү эң мыкты опера ырчыларынын бири, кыргыз уулу Болот Миңжылкыев көзү тирүү болгондо бүгүн, 23-апрелде 76 жаштын кырын ашмак.

Sputnik Кыргызстан окурмандарга легендарлуу опера ырчысынын (бас) чыгармачылыгы, өмүрү боюнча кызыктуу фактыны сунуштайт. Аларды түзүүдө бизге Кыргыз эл артисти Болот Осмонов жана КР Эл артисти Сайра Чоткараева жардамчы болду. 

Драматург Бексултан Жакиевдин Атанын тагдыры драмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасы тууралуу он факты
16 жашында бургулоочу кесипке ээ болгон. Болот Миңжылкыев ата жолун жолдоп геолог болууга ык койгон. Россиянын четиндеги Мурманск облусунда, Финляндияга кол созсо жетчүдөй аймактарда жүргөндө бул кесипти жакындан таанып билген. Ал тургай 16 жашында бургулоочу-мастер кесибине да ээ болгон. Бирок, сыйкырдуу музыка дүйнөсү кыязы, өзүнө тартып кеткендей. Ал эскерүүлөрүндө "Манас" эпосу боюнча коюлган "Ай Чүрөк" операсына 10 жашында барып толкунданып, таасир алып кайтканын эскерген. Андан сырткары Фрунзе шаарында жашаган мезгилдерде үйүнө ошол кездеги кыргыз искусство өнөрүнүн каймактары көп келип турган. Алардын ичинен Муса Баетов баштаган залкарлар баланын ыр дүйнөсүнө балким ошол кезде чыйыр салып кеткендей.

Опера бешигиндеги үч жыл. Фрунзеден, Ташкенттен билип алгандан кийин сахнага чыгып жүрдү. Бирок, Италиянын Миланында атактуу "Ла Скала" театрында ырчылык чеберчилигин өркүндөткөн үч жыл ага канат байлатып, бул өнөрдүн керемет даамын сездирди. 

© Александр ФедоровШарль Франсуа Гунонун "Фауст" операсынан Мефистофелдин ариясы
75-летию великого кыргызского певца Булата Минжилкиева - Sputnik Кыргызстан
Шарль Франсуа Гунонун "Фауст" операсынан Мефистофелдин ариясы

Залкарлар менен бир сахнада. Дүйнөлүк опера ырчылары, италиялык ырчылар Пьеро Капучили, Жанни Раймонди, болгариялык Николай Гяуров, СССРдин Чоң театрынын арттисттери Ирина Богачева сыяктуу залкарлар менен үн алыша ырдап калган. 

© Фото / Александр ФедоровКиностудияда. Актер Сүймөнкул Чокморов жана Кадыржан Кыдыралиев менен
75-летию великого кыргызского певца Булата Минжилкиева - Sputnik Кыргызстан
Киностудияда. Актер Сүймөнкул Чокморов жана Кадыржан Кыдыралиев менен

Дөңгөлөк үстүндөгү жылдар. Ырчы туурасында автор Кузнецовдун китебинде жүздөгөн гастролордун бир-экөөсү эскерилет. Болот баштаган опералык труппа Москвадагы көрүүчүлөрдөн тарта СССРдин алкагындагы Киев, Свердлов, Нижний Тагил, Краснодар, Сочи, Томск, Душанбе, Целиноград (азыркы Астана) калааларын камтып, андан ары Ош, Пржевальск, Токмок, Таласта уланган. 1986-жылдагы жайкы турне үч айга пландалып, Уралдан башталып, Ысык-Көлгө чейин созулган. Мынча аймактагы көрүүчүлөрүнүн алдында чыгып ырдоо, болгондо да номерлерди мыкты сапатта тартуулоо милдети турган.

Айтматов билетке жетпей калып… Композитор Модест Мусоргскийдин "Борис Годунов" операсынын баш каарманы Борис Годуновдун партиясын аткарып, өзүнүн ырчылык мыкты дараметин көрсөтүп берген. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дал ушул "Борис Годунов" операсын көргөнү барып, тилекке каршы билет таппай калып, Болот Миңжылкыев өзү киргизген экен.

36 жашында жогорку сыйлыкка ээ болгон. Ырчы 31 жашында Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, 33 жашында Эл артисти, ал эми 36 жашында СССРдин Эл артисти наамын алган.

Депутаттык ишмердүүлүк. СССР Жогорку советинин 10-чакырылышында жана 1975-жылы Кыргыз ССР Жогорку советине депутат болуп шайланган.

100гө чукул образ. Ал өмүрүнүн акырына чейин ар кандай мезгилде жазылган опералардагы жүзгө жакын түркүн мүнөздөрдөгү башкы каармандын образын бийик деңгээлде аткарган. 

© Александр Федоров"Алтын күз" тасмасынан кадр
75-летию великого кыргызского певца Булата Минжилкиева - Sputnik Кыргызстан
"Алтын күз" тасмасынан кадр

Жубайын театрдан тапкан. Ал 1959-жылы Кыргыз Эл артисти, балерина Рейна Чокоевага баш кошуп, бир уул тарбиялашкан. Болоттун жеке сапаттары боюнча кеп кылганда анын изденгич, эмгекчил болгондугу айтылат. Сахнада олуттуу, жашоодо шайыр адам эле деп келишет. 1 пайыз талант, 99 эмгек принцибин карманган.

Керемет үндүү Муса Баетов: Кремлде аккан көз жаш, 47 жашта өчкөн өмүр
Киндик кан тамган жерге кайтканда. Миңжылкыев 1940-жылы кыргыздын тунгуч геологдорунун бири Абдулла Миңжылкыевдин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Балалыгы Фрунзе шаарында жана Көл аймагында өтүп, мектепти Фрунзе шаарынан аяктаган. Алгач Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрынын студиясынан, андан кийин Өзбекстандагы Ташкент консерваториясынан билим алган. Ала-Тоонун уулу дүйнө аралып, мукам үнү менен далайларды таңгалдырган. 1966-жылдан Ташкенттен келгенден тарта Кыргыз Мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп иштеген. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу болуп, музыканттардын бир топ муунун тарбиялаган. Ал эми 1992-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Санкт-Петербургдагы Мариин опера жана балет театрында иштеген. Айтмакчы, Миңжылкиевдин бюсту өзү иштеген театрга 2015-жылдын 17-апрелинде орнотулган

Ал 1997-жылы Санкт-Петербург шаарында каза болуп, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Болот Миңжылкыевдин сүрөттө калган элестерин, жараткан образдарын Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0