БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Индиянын Тамилнад штатында жапайы пил адамдарга кол салып, жыйынтыгында төрт адам, анын ичинде 12 жаштагы кыз да каза болду. Бул тууралуу РИА Новости PTI агенттигине шилтеме берип кабарлады.
Окуя жума күнү түн ичинде Веллалор районунда катталып, анда жапайы пил эл жашаган аймакка кирип келип уктап жаткан эки адамга кол салган. Анын ичинде 12 жаштагы кыз да бар болчу. Андан соң жапайы жандык талаадагы эки аялга да асылып, алардын баары ооруканага жаткырылганы менен дарыгерлер бейтаптардын өмүрүн сактап кала алган эмес.
Токойдон чыгып адам жашаган аймакка жакындаган жалгыз жүргөн пилди жергиликтүү эл шаршемби күнү эле байкаган.
Токой чарбачылыгы департаментинин кызматкерлери учурда жаныбарды дары сайып өлтүрүүгө аракет кылууда.