БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын жаш режиссерлор Мээрим Догдурбекова менен Айжамал Болотованын тасмалары Түштүк Кореяда өтө турган эл аралык фестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу продюсер Ника Жолдошева билдирди.
Маалыматка ылайык, Догдурбекованын кыскаметраждуу "Бакыт" драмасы балдардын 12-эл аралык BIKY кинофестивалында эл назарына сунушталат. Аталган иш-чара 12-18-июль күндөрү Пусан шаарында өтөт.
"Бакыт" тасмасында кичинекей Бакыт аттуу баланын тагдыры чагылдырылган. Ал саяпкер атасынын жардамы менен мелдешке даярданат. Бирок таймаш алдында атын уурдатып жиберет.
"Лунная соната" тасмасы Амина аттуу жаш кыз тууралуу баяндайт. Ал ата-энесинин ажырашканына, жоопсуз сүйүүдөн улам мүңкүрөп калбай, чымырканып туруп "Лунная соната" чыгармасын туура ойноого аракет кылат.
Эки тасма тең Кыргыз-Түрк "Манас" университетин бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук иши болуп саналат жана "Айтыш фильм" киностудиясынын колдоосу менен тартылган.