БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Кремль сарайында көп балалуу ата-энелерге "Ата-эне даңкы" орденин тапшырып жаткан учурда ыйлаган баланы сооротууга аракет кылды.
Путин Стригалевдердин үй-бүлөсү менен сүрөткө түшүп жатканда он баланын эң кичүүсү капысынан ыйлап, апасына чуркап барган. Апасы аны колуна алганда Путин үч жаштагы баланы сооротууга аракет кылып, башынан сылап бир нече сөздөрдү айткан. Бирок бала ыйлаганын токтоткон эмес.