БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Чүйдүн Лебединовка айылында башка адамдын паспорту менен жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Малыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-май күнү Лебединовка айылындагы гимназияда 20 жаштагы жаран 21 жаштагы жарандын паспорту менен тест тапшырган. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.
Тергөө учурунда Нургүл аттуу аял 21 жаштагы жаранга тесттен өтүүгө жардам берем деп убада кылган. Ал бул кызматы үчүн 400 доллар сурап, 17 миң сомун алганы аныкталган.
"44 жаштагы Нургүл убадасын аткаруу үчүн Медер аттуу таанышына кайрылып ал аркылуу 20 жаштагы баланы табат. Кийин ал баланы 21 жаштагы жарандын паспорту менен тест тапшырууга киргизишкен", — деп жазылат маалыматта.
Учурда Нургүл менен Медер убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.