Мышыктар көргөзмөсү Бишкектеги соода борборлорунун биринде ишемби күнү 10:00дө башталып, 21-май күнү кечке жуук жыйынтыкталат.
Иш-чаранын жүрүшүндө калыстар тобу мышыктын тукумуна жана оригиналдуулугуна басым жасап, биринчилик жүнү сапаттуу, ден-соолугу бекем жана сүйкүмдүү мышыкка берилет.
Иш-чарага кирүү акысы балдарга 100 сом болсо, чоңдорго 150 сомду түзөт.

Мышыктар көргөзмөсү ишемби күнү 10:00дө башталды

Көргөзмө эки күнгө созулат

Кожоюндары иш-чарага жандыктарын бир топ ай даярдашкан

Адистер мыкты мышыкты жөн гана тандап койбостон анын тукумунан баштап, ден-соолугуна чейин карашат

Бул мышыктын көз карашы адам үрөйүн учурчудай

Сырткы келбети жана ак көңүл мүнөзү менен шотланд мышыгы көпчүлүктү көңүл кош калтырган жок

Кичинекей "мышык" кыз

Көргөзмөдө кичине балдар да жакшы көргөн жаныбарынын түрлөрүн көрө алды

Кааласаңыз үй жаныбарын сатып алсаңыз да болот

Калыстар тобу мышыктын сырткы кебетесин сөзсүз эске алышат

Иш-чара 21-май күнү кечке жуук жыйынтыкталат.
