БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагында секундасына 18-22 метрге жеткен катуу шамал спорт зал менен "Байчечекей" бала бакчасынын чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Шамал 18-майда болжол менен саат 17:30дар чамасында катталып, Миң-Куштан тышкары Кабак айыл аймагындагы Кызыл-Коргон айылындагы сарайга да зыян келтирген.
Тийиштүү органдын кызматкерлери кырсык болгон жерге келип, келтирилген чыгымдарды тактап жатат.