БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында улуу манасчы Сагынбай Орозбаковдун айтуусундагы "Манас" эпосундагы эски сөздөрдүн түшүндүрмөсүнө көңүл бурабыз.
Капчал – аскалуу капчыгай, тоонун боору
Кагынуу – өпкөгө суук тийгизүү
Казап – зордук-зомбулук, каар, "Кандын казабынан сакта" деп байыркы батада айтылат
Калба – чатак, уруш, жаңжал
Карсак – түлкү, бөрү, сүлөөсүн сымал жойлоп жүрүүчү жаныбарлардын жалпы аталышы
Кедик – уяң жүндүү кой
Келеңкор – абдан кымбат асыл таштар менен кооздолуп жасалган чачпак
Кемер – алтын, күмүш, асыл-таштар менен кооздолгон жазы кур
Кээ – кусур, убал. Мисалы, кысыз ысырап кыла берсе тамак-аштын, малдын кээси болот, убалы болот
Кеште – сайма
Көнчөк – кулак калканынын астыңкы жумшак бөлүгү
Мамыр – бейкут, тынч
Мандикер – акысына жалданып иштеген киши
Мискин – бей-бечара, карып
Оозантуу – жаңы төрөлгөн наристеге, жаңы келген келинге берилген биринчи даам.