Бүгүн да үч вокзал жайгашкан Комсомольская метросуна бардым. Селсаяктарга тамак берген жерге барып, биздикилерди издедим. Жүздөй киши тизилип кезекте турушкан экен. Ошолордун ичинен бирөө көзүмө жылуу учурады.
Алардын сүйлөшкөнүнөн орус киши кечинде келип алып кетерин байкадым. Андан кийин машинасына отуруп, зуулдаган бойдон өз жолуна түштү.
Бир маалда мен кыргызбы деп ойлогон киши жаныма келип, кыргыз экенин айтып, экөөбүз сүйлөшө кеттик. Аты Мамат экен. Жупуну кийинген. Талаалап кеткен селсаяктай деле сезилген жок. Болгону көздөрү муңаят. Аны жаныбыздагы ашканага алып барып, чайлашканча маектештик. Мамат аке буту ооруп, кыйналып жүргөнүн айтты.
— Мамат аке, кайдан болосуз, өзүңүз жөнүндө айтып бербейсизби?
— Мен 1960-жылы Кара-Суу районундагы Мады айылында төрөлгөм. Аскердик кызматты Бурятияда өтөдүм. Ошол убакта бурят кызына ашык болдум. ("Сулуу эле" деп күлүп койду).
— Аскердик кызматты өтөгөндөн кийин Бурятияда калууну чечтиңизби?
— Жоо-ок, аскердик кызмат бүткөндөн кийин Кыргызстанга барып, бир жылдай жүрдүм, андан кийин кайра Бурятияга келдим. Бул жактан турмуш курдум, бир уул, эки кыздын атасы болдум. Башында баары жакшы эле, кийин жашоо татаалдаша баштады…
— Балдарыңызды Кыргызстанга алып келип, биздин жерлерди көрсөттүңүзбү?
— Ооба, алып баргам. Алар Бурятияда көп жүргөндүктөнбү, Кыргызстан анчейин жаккан эмес. Анан калса кыргызча дагы билбейт эле. Ошол тил жагынан кыйналышты го.
— Москвага кантип келип калдыңыз?
— Казан-аяк кагышат дегендей үйдө келишпестик болуп, балдарым менен тил табыша албай калдым. Анан бардыгын таштап келе бердим.
— Азыр балдарыңыз менен байланышып турасызбы?
— Жок, тилекке каршы…
— Эгер сиздин туугандарыңызды тапсак Кыргызстанга кетесизби?
— Жок, кетпейм… Жаш кезимде ата-энемди, бир туугандарымды капа кылып алдым эле… Колумда болуп, акчаны мыкчып кармап жүргөндө аларга кол сунуп жардам берген жокмун. Эми кайдан барам…
— Балким алар сизди кечиришкендир? Кантсе да бир бооруңуз да.
— Жоо-ок, кечиришпейт го. Мен алардын алдында күнөөлүүмүн.
— Ата-энеңиз, бир туугандарыңыз жөнүндө айтып бербейсизби?
— Айтканда эмне… Жок, балам, айта албайм. Сурабай эле койчу…
— Алтымышка жакындап калыптырсыз, кокус бул жакта өлүп калсам мага ким топурак салат деп коркпойсузбу?
— Корккондо эмне… Коркпойм. Себеби мен ошого татыктуумун. Бир сөз менен айтканда Кудай урган адаммын. Өх…
— Коюңуз, антпеңиз, Мамат аке, бардыгы жакшы болот. Жакшылыктан үмүт үзбөш керек да.
— Чынында ошого татыктуумун.
— Сизди жанагы орус киши жумуш таап берем деп алып барып кул кылып койбойбу?
— Жок, ал андай бала эмес. Ал бул жактан кишилерди алып барып, арзанга иш кылдыртат.
— Эмне иш?
— Талаада иштетет. Мен коркпойм, анткени жогото турчу деле эч нерсем жок, калган да жок.
— Жумушка качан алып кетет?
— Бүгүн кечинде деди. Дагы көрөбүз го.
— Мамат аке, бул менин визиткам, эгер сизди жалдаган киши алдап кетип, же капа кылса чалыңыз, жардам берем.
— Макул.
— Жакшы туруңуз, Кудайга аманат, аман болуңуз.
— Рахмат балам….
Ошентип Мамат аке менен коштоштум. Анын жашоосу кандай болот, белгисиз, туңгуюк. Аны эмне күтүп турганын бир гана Алла билет. Эмне болсо дагы аман болсун.
Менин Мамат акеге берген жардамым бир гана курсагын тойгозуу болду. Башка нерсе колдон келген жок. Эгер ушул маекти анын туугандары окуп, табышып калышса сонун болот эле. Москва 11.05.2017.