БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Алексей Стефанов. Пекин калаасында 14-15-майда Азия, Европа жана Африканы байланыштырып, дүйнөлүк сооданын өнүгүшүнө өбөлгө болчу "Жаңы жибек жолу" ири долбооруна багытталган "Бир алкак – бир жол" аталган форум өттү.
Кытайда эки күнгө 28 өлкөнүн лидерлери чогулуп, форумдун ишине 60 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Кытайдын Элдик университетинин Эл аралык иштер институтунун директору, профессор Ван Ивэйдин айтымында, форумдун максаты — баарлашуудан көп тараптуу аракетке өтүү.
"Айрым долбоорлор ишке ашырылып, башкалары жаңыдан пландалууда. Андан тышкары, бул алкактан чет калган өлкөлөрдү да (мисалы, Аргентина жана Чили) көрүп турабыз, бирок алар да долбоорлорго катыша алат. "Жаңы Жибек жолу" кеңейип кете берери анык" – деди Ван Ивэй.
Профессор демилге дүйнөлүк деңгээлге чыкканын белгилейт. Ал эми Россияны "Бир алкак – бир жол" долбоорунун ЕАЭБ менен болгон байланышы кызыктырат. Кытайлыктар бул багытта 20га чукул долбоор иштеп, мындан ары да жаңылары кошула турган маршруттук карталар пландалганына ынандырды. Алар менен таанышууга Пекинге РФ президенти Владимир Путин өзү барды.
Бир нече жыл мурун КЭР дүйнөлүк каржылык туңгуюктун чакырыктары менен бет келип, тышкы соода көлөмү азая баштаган. Ал эми "Жаңы Жибек жолу" – кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу. Дал ушул себептен Кытай Борбор Азия мамлекеттерине ири каражаттарды жумшоодо. Островскийдин маалыматы боюнча бул аталган мамлекеттин чет өлкөлөргө жасалган инвестициясынын жалпы көлөмүнүн 20 пайызын түзөт.
"Өзбекстан боюнча айта турган болсок, ал — Борбордук Азия үчүн ири борбор, Ташкент жана Самарканд – тирек болчу шаарлар. Ал жакка Азия менен Европаны байланыштырчу темир жол түйүнү курулат. Экономика өнүгөт, себеби транспорттук жолдорго жакындыгынан улам өндүрүлгөн продукциянын өз наркы төмөн болот.
Маселен, Хива качандыр бир кезде күчтүү хандыктын борбору болгон, азыркы тапта шаар дээрлик белгисиз. Анткени, ал аркылуу ири транспорттук маршруттар өтпөйт. Башкача айтканда, алкак кайсы шаарларды камтыса, ошол калаалар тирек болуп, экономикалык жактан өсүү артыкчылыгын алышат", — деп белгилейт Островский.
Адистин айтымында, Борбор Азия ЕАЭБ жана "Жибек жолу экономикалык алкагынын" кошулушу үчүн маанилүү аянт болуп саналат. Аймак чала өнүккөн, ал эми бул долбоор менен Кытайдын тышкы соодасынын көлөмү гана көбөйбөстөн, өлкөлөр арасындагы соода да чыңдалат.
Мындай абал Кыргызстанда да бар. Чек ара чоң, бирок чек ара өтмөктөрү аз, анын үстүнө өткөрүү жөндөмү чабал.
"Мунун баары соода-экономикалык байланышты өнүктүрүүгө тоскоол болот. Ошондуктан Кытай Кыргызстандагы автожолдорун салууну каржылап келет", — деп белгиледи ал.
Серепчинин баамында, географиялык жайгашуусунан улам кытай инвестициясынын көбү Казакстандын энчисине тиет.
Ал белгилегендей, КЭР Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүн кеминде он беш жылдай инвестициялайт. Анткени, ири долбоорлорду эмнеден баштарын так билет.