Елисей сарайында Франциянын жаңы шайланган президенти Эммануэль Макрондун инаугурациясы өттү.
Alibaba компаниясынын Ханчжоу шаарындагы башкы кеңсесинде кызматкерлердин массалык үйлөнүү үлпөтү өтүп, Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык Run the Silk Road марафону жыйынтыкталды.
Таиландда Весак күнү белгиленсе, Индонезиянын Медан университетинин студенттери өздөрү тиккен кийимдердин коллециясын көрсөттү.
Москвада май айында кар жааса, Индияда балдар күндүн табынан Ямуна дарыясына чумкушту.
Венесуэлада президентке каршы чыккан жарандар менен полиция кагылышса, Киевде "Евровидение – 2017" конкурсу жыйынтыкталды.

Франциянын жаңы президенти 39 жаштагы Эммануэль Макрондун инаугурациясы Елисей сарайында өттү

Бишкекте 9-майда "Өлбөс полк" акциясы өтүп, ага 30 миңден 50 миңге чейин киши катышты. Алар колдоруна согушка барган чоң аталарынын сүрөттөрүн көтөрүп алып, шаардын көчөлөрүнөн басышты

Россиянын президенти Владимир Путин да Жеңиштин 72 жылдыгына карата согушка барган атасынын сүрөтүн көтөрүп алып "Өлбөс полк" акциясына катышты

Жеңиш майрамынын урматына Москва шаарында атылган салют

Alibaba компаниясынын Ханчжоу шаарындагы башкы кеңсесинде кызматкерлердин массалык үйлөнүү тою болду

Индонезиянын Медан университетинин студенттери өздөрү тиккен кийимдердин көргөзмөсүн өткөрдү

Ысык-Көлдүн жээгинде 13-майда Run the Silk Road эл аралык марафон өтүп, ага эки миңден ашык киши катышты. Сүрөттө аялдар арасында биринчи келген Мария Коробицкая

Таиландда Весак күнү майрамдалып, кечилдер Будданын эстелигинин жанына шам алып келишти

Ямуна (Индия, Нью-Дели) дарыясына чумкуган балдар

Венанын жанындагы зоопарктагы акыра

Венесуэланын Сан-Кристобаль шаарында президентке каршы чыккан жарандар менен полиция кагылышты

Түркиянын Мармарис аймагында туристтер кетип бараткан автобус кырсыктап, 23 киши каза болду. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, айдоочу рулду башкара албай, автобус жол четиндеги тосмону сүзүп, капчыгайга түшүп кеткен

Художник Лоренцо Куиннанын эмгеги Венециянын Сагредо сарайына орнотулду

Украинанын Киев шаарында өткөн "Евровидение — 2017" эл аралык ыр сынагын португалиялык Сальвадор Собрал Amar Pelos Dois ("Сүйүү экөөбүзгө тең жетет") деген ыры менен жеңип алды

Москвада май айында кар жаады
