БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Дүйнөдөгү эң семиз эркек киши Хуан Педро Франко ашказанына жасалган операциядан аман-эсен чыкты. Бул тууралуу Франс Пресс маалымат агенттиги жазып чыкты.
Бул операция Франконун салмагын эки эсеге азайтууга багытталган, алдыда аны дагы бир операция күтүп жатат.
"Операция ийгиликтүү жасалды, эми анын денеси өзгөрүүлөрдү кандай кабылдай турганын байкашыбыз керек. Бардыгы ойдогудай болот деп үмүттөнөбүз", — деди хирург Хосе Кастанеда.
Салмагы 595 килограммга жеткен Франко операция алдында дагы бир топ арыктаган. Дарыгерлер Франконун арыктайм деген дымагы күчтүү болгону үчүн ага жардам берүүгө бел байлашкан.
Кийинки операция быйыл ноябрь айында жасалат.