БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкектин борборунан Toyota Prado машинасы жөө адамды коюп, изин жашырып кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Жол кырсыгы бүгүн саат 11:40тар чамасында Чүй проспектисиндеги ЦУМдун жанында болгон.
"Батышты көздөй бараткан жол тандабас кишини коюп кетти. Ал машинаны токтотуп, бирок окуя болгон жерден кетип калды. Жабыр тарткан кишини мен ооруканага жеткирдим", — деди күбө.
Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы кырсык болгонун тастыктап, 27 жаштагы жаран жабыркап, Улуттук госпиталда экенин билдирди. Ушу тапта машинаны аныктап, айдоочуну кармоо боюнча аракеттер көрүлүүдө.
Эгер кандайдыр бир окуяга күбө болуп калсаңыз, анын сүрөтүн, видеосун биздин WhatsApp номер +996 706 566 544 аркылуу жиберсеңиз болот.