00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:08
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ташибаев: "Дыйканды" жапса мэрия өлкөдөгү ири базардан айрылат

Жазылуу
Жергиликтүү бийлик базарды жаап, соодагерлерди башка аймакка көчүрүүгө ниеттенүүдө. Ал эми администрация менен арендаторлор буга каршы пикирин билдирип жатышат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. "Дыйканды" жапса мэрия Кыргызстандагы ири дүң базардан айрылат. Бул туурасында бүгүн Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борборунда өткөн маалымат жыйында базардын директорунун орун басары Талип Ташибаев билдирди.

20-апрелде Ленин районунун акими Нурдин Тынаев базар ишин 21-апрелде токтоторун билдирген эле.

Көпүрөнүн макети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Фучик көчөсүндөгү темир жолдун үстүнөн өтчү эстакадалык көпүрө курулат
Директорунун орун басарынын айтымында, жергиликтүү бийлик соодагерлерге "Сары-Өзөн" жана "Дордой-Дыйкан" базарына өтүүнү сунуштап жатат.

"Сары-Өзөн" базары ыңгайсыз жерде, аэропортко кеткен трассада жайгашкан. Бул соода кылгандарга ылайыктуу эмес, себеби, аталган жол сырттан меймандар келген учурда көп жабылат. Андан сырткары, унаа токтотуучу жайлардын саны да аз. Биздин бир катар ижарачылар "Дордой-Дыйканга" барып, бирок ал жактагы начар шарттардан улам кайра келишти", — деди Ташибаев.

Ал эгерде бийлик "Дыйкандын" ишин токтотсо, өлкөдөгү ири дүң базардан айрыларын айтты.

"Сары-Өзөн" жана "Дордой-Дыйкан" базарында ижара акысы жогору. Биздин соодагерлерге "Дыйканда" соода кылган эле ыңгайлуу жана алар аталган жайдан кеткиси келген жок", — деп кошумчалады Ташибаев.

Өткөн жылдын октябрь айында Мамэкотехинспекциясы базар өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей турганын жана антисанитардык абалда экенин аныктаган.

Ошондой эле базар менен нефть базасынын аралыгы 30 метрди гана түзөт. Эреже боюнча мунай сакталган жайдын алыстыгы 100 метрден кем болбошу керек деп билдирген аталган инспекция.

Экинчи себеп катары мэрия менен болгон пикир келишпестик деп айтылып келет. Буга чейин аталган базарда иштегендер мындай өзгөрүүгө каршылыгын билдирип чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0