"Дыйкан" базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг продавцов рынка "Дыйкан" у здания Жогорку Кенеша
Митинг продавцов рынка Дыйкан у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каршылык акциясына чыккандар "Дыйкан" базарын башка жакка көчүрбөөнү өтүнүп жатышат.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. "Дыйкан" базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүп жатышат.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Дыйкан" базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүп жатышат.
Дыйкан базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүп жатышат. - Sputnik Кыргызстан
1/4
"Дыйкан" базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүп жатышат.
© Sputnik / Табылды КадырбековУюштуруучулардын айтымында, каршылык акциясына 300гө жакын адам катышып жатат.
Уюштуруучулардын айтымында, каршылык акциясына 300гө жакын адам катышып жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Уюштуруучулардын айтымында, каршылык акциясына 300гө жакын адам катышып жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековАлар акция санкциясыз өткөрүлүп жатканын моюндашты.
Алар акция санкциясыз өткөрүлүп жатканын моюндашты. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Алар акция санкциясыз өткөрүлүп жатканын моюндашты.
© Sputnik / Табылды КадырбековӨткөн жылдын октябрь айында Мамэкотехинспекциясы базар өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей турганын жана антисанитардык абалда экенин аныктаган.
Өткөн жылдын октябрь айында Мамэкотехинспекциясы базар өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей турганын жана антисанитардык абалда экенин аныктаган. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Өткөн жылдын октябрь айында Мамэкотехинспекциясы базар өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей турганын жана антисанитардык абалда экенин аныктаган.
1/4
"Дыйкан" базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүп жатышат.
2/4
Уюштуруучулардын айтымында, каршылык акциясына 300гө жакын адам катышып жатат.
3/4
Алар акция санкциясыз өткөрүлүп жатканын моюндашты.
4/4
Өткөн жылдын октябрь айында Мамэкотехинспекциясы базар өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей турганын жана антисанитардык абалда экенин аныктаган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына соодагерлердин бири Гүлзия Курамаева рынокту башка жакка көчүрбөөнү суранып жатышканын билдирди. Уюштуруучулардын айтымында, каршылык акциясына 300гө жакын адам катышып жатат. Алар акция санкциясыз өткөрүлүп жатканын моюндашты.

"Биз эки кат жөнөткөнбүз, бирок канааттандырарлык жооп алалбадык. Бизге бирөөлөр келип "каматып салабыз" деп коркутушту", — деп билдирди Курамаева.

Ал ошондой эле сатуучулардын насыясы бар экенин билдирип, "Сары-Өзөн" рыногунан орун алуу үчүн үч миң доллар пара берүүгө алдары жок экенин белгиледи.

Кытайдан Бишкекке, кайта Бишкектен Кытайга жүк ташыган айдоочу Оморбек Кулунчаков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жүк ташуучу Кулунчаков: Кытайга алты айдан бери кире албай турабыз
Өткөн жылдын октябрь айында Мамэкотехинспекциясы базар өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербей турганын жана антисанитардык абалда экенин аныктаган.

Текшерүү иштери ноябрь айында дагы жүргүзүлүп тогуз мыйзам бузуу ликвидацияланганы аныкталган. Анткен менен айрым курулуш иштерине карата уруксат кагаздары берилген эмес. Ошондой эле базар менен нефть базасынын аралыгы 30 метрди гана түзөт. Эреже боюнча нефть сакталган жайдын алыстыгы 100 метрден кем болбоосу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0