БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы бүгүндөн тартып радиациялык фону жогору автоунаалар дезактивациялоодон өтөрүн маалымадады.
Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган иш-чара өкмөттүн Япониядан Кыргызстанга алып келинген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарын дезактивациялоодон өткөрүү боюнча токтомун ишке ашыруу алкагында башталган.
Дезактивациялоо иштери 20-апрелден тарта, дүйшөмбүдөн жумага чейин жүргүзүлөт. Зыянсыздандырылган радиоактивдүү калдыктар Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан "Автомобильный" материалдык техникалык камсыздандыруу пунктуна жетпеген жерге төгүлөт. Соңунда зыянсыздандырылган унааларды ведомстволор аралык комиссия кароодон өткөрүп, жыйынтык чыгарып берет.
Пландын кийинки этабында автоунаа Борбордук бажы көзөмөл зонасынан текшерүүдөн өтөт.