БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Британиянын Глазго шаарындагы окумуштуулар изилдөө жүргүзүп велосипед тебүү адам ден соолугуна жакшы таасир берип, рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын аларын аныкташкан. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты
Изилдөөнүн жүрүшүндө велосипед тээп бараткандагы буттун кыймылдарынан өлүм коркунучу 41 пайызга кыскарса, рак илдетине 45 пайыз жана жүрөк кан тамырлары ооруларына чалдыгуу 46 пайызга чейин азая турганы далилденген.
Мындан сарыткары, окумуштуулар жөө басуу да пайдалуу экенин айтып, жүрөк-кан тамырларына жакшы таасир берерин белгилеген. Мунун натыйжасын көрүү үчүн жумасына жок дегенде тогуз чакырым жөө басып туруу керек.
Бул изилдөөдө тамеки чеккен, тамактануу режимин сактабаган же ашыкча салмактагылар велосипед тебүү менен рактан арылары толук аныкталган эмес.