Кыргыз элинин жамандыкта колдоно турган өзүнүн ырым-жырымдары бар. Ага кылымдардан бери өзгөчө маани берип келген. Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхчылардын жардамы менен жамандыкта жасоого болбой турган нерселерди сураштырып, алардын маанисин түшүндүрүүгө аракет кылды.
Сөөк жай жерине алынмайынча үн чыгарбайт. Боз үй тигилип, сөөк жай жерине алынгандан кийин гана эркектер сыртта өкүрүп, аялдар үй ичинде кошок кошуп ыйлай баштайт.
Маркум жерге берилмейинче ага куран окулбайт. Качан гана сөөк жерге берилгенден кийин арбагына багышталып куран түшүрүлө баштайт.
Сөөктү бейитти көздөй алып бара жатканда алдынан каршы адам чыкпайт. Кокусунан чыгып калса, ал келме келтирип, ордунда баспай токтоп туруусу зарыл. Сөөк узап кеткенден кийин жолун улантат же башка жакты карай бурулуп кетиши керек.
Мүрзөнү колу менен көрсөтпөйт. Кыргыздар адам каза болгондон кийин коюлуучу жайга – бейитке өзгөчө мамиле жасашкан. Эгерде кокусунан көрсөтүп алса, анда сөөмөйүнүн учун үч жолу тиштеп же аны үч жолу буту менен тебелеп ырымдап коет.
Мүрзөнүн жанынан өтүп бара жатып күлбөйт. Ошондой эле бул жайда даарат ушатпайт, булгабайт. Байыркы убакта бейитке акарат келтирген адамды өлүм жазасына тартышкан.
Азадан же бирөөгө куран окутуп келгенде түз үйгө кирбейт. Алгач дааратканага барып, андан соң гана үйгө кирүү зарыл. Бул — ал жактан илештирип келген жаман нерселер сен менен кошо үйгө кирбесин деген ырым. Ошондой эле жолдон келе жатып башка бирөөнүн үйүнө кайрылбоо керек.
Өлгөндөн келе жатканда балдары алдынан чуркап тосуп чыкпайт. Эгерде жаш балдар тосуп чыкса, колдоруна жерден таш алып карматып коет. Өлгөнгө барып, кайра кайтканда барган жолу менен келет, тегеренбейт.
Адам каза болгон үйгө ат чаап барбайт. Негизи атты үй ээлерине сүйүнчү же жакшы кабар айтуу максатына жакшылык, той болуп жаткан үйлөргө чаап барышкан.
Жамандык болгон жерге аял-эркек дебей баш кийимсиз барбайт. Бул күндөгүдөй көрүнбөй аза күтүүнүн, күйүт тартуунун белгиси катары эсептелет. Анткени илгери маркумдун күйүтүн кошо тартчулар баш кийимди баса кийип, жоолукту чүмкөнө салынышкан.
Аза бата карыбайт. Кандайдыр бир себептер менен каза болгон адамдын зыйнатына катышпай калган адамдар качан болбосун көңүл айтып, үй-бүлөсүнө көз көрсөтүп коюушу шарт. Ошондуктан кыргыздарда "аза карыбайт, алтын чирибейт" деп айтылган.
"Өлдү" деген сөздү тике айтпайт. Бул сөздүн ордуна "дүйнөдөн кайтты", " казасы жетти", "каза болду", "каза тапты", "кайтыш болду", "ажалы жетти", "дүйнөдөн өттү", "жаны үзүлдү", "ээсине бердик", "келбес сапарга кетти" деген сыяктуу каймана сөздөрдү колдонушкан.
Аялдар өлүк коердо мүрзөгө барбайт. Бул салт илгертен сакталып калган. Өлүк чыккандан кийин аялдар боз үйдө калып, мүрзөгө эркектер гана барган.