БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Базар-Коргондо кыз узатуу тоюнан уулангандардын саны 33 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Белгилей кетсек, 18-апрелде Базар-Коргондо кудага баргандардын 23ү ууланып, ооруканага жаткырылган. Алдын ала маалымат боюнча бейтаптар 15-апрелде кыз узатуу салтанатынан кийин дарыгерлерге кайрылууга аргасыз болушкан.
Мекеменин Жалал-Абад облусу боюнча координатору Маматжан Мияновдун берген маалыматында бүгүн, 19-апрелде, эртең менен ооруканага дагы 10 киши алып келинген.
"Жаткырылгандардын абалы жакшы, эки гана бейтаптын абалы орто деп бааланууда. Жер-жерлерде тамактан уулануунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтен бейтаптарга керектүү дары-дармек жетиштүү экенин, аларга тийиштүү жардам берилип жатканын кошумчалашты.
Консерваланган азыктан ууланганда эмне кылуу керектигин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>