БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Баткен шаарында аймактагы конок үйлөрдүн туризмге байланышы жана аны өнүктүрүү маселеси талкууланат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын эл аралык демилгелер фондусунан" кабарлашты.
Иш-чарада Баткен облусунун туристтик жагымдуулугун көтөрүүгө өбөлгө болгон жергиликтүү жамааттардын кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүү, чакан жана орто бизнести колдоо, жаӊы жумуш орундарын түзүү жолдору талкууланат.
Тегерек столдун максаты — мамлекеттик жана финансы институттарынын колдоосу менен аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү жолдорун талкуулап, тажрыйба алмашууга аянтча түзүп берүү.
Иш-чарада финансылык сабаттуулукту көтөрүү жана ишкерликти өнүктүрүү жолдору да талкууга алына турган маанилүү делген маселелерден болмокчу.