Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жума күнү эртең менен жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

"Бишкек шаарында 16-18 градус жылуу болсо, Ошто күн 19-21 градуска чейин жылыйт", — деп жазылат маалыматта.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0