БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Экс-депутат Саматбек Ибраев ЖКнын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, төрага Чыныбай Турсунбековдун тескемеси менен Саматбек Ибраев Жогорку Кеӊештин аппаратынын жетекчилигине дайындалды.
Эске салсак, Саматбек Ибраев бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. "Саякбай манасчы" эл аралык фондун негиздеп, аны жетектеп келген.
Ал эми ЖКнын мурунку аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев март айында өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.