БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Талас районунун Козучак айылында мас болуп 6-класстын окуучусуна кол көтөргөн мугалимге кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.
Талас районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында окуя үстүбүздөгү жылдын 16-мартында саат 16.00дөр чамасында болгон.
"Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен окуучу баланын жабыркаганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Бул фактынын негизинде мугалимге карата 161-берене (жашы жетек элек баланы тарбиялоодо өз милдетин аткарбай коюу) боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар Талас ОИИБдин тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү.