БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар Москвадагы "Дружба" сейил багында ишембилик өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Кыргыз диаспорасынын Москвадагы коомдук кеңешинен кабарлашты.
Ишембилик 29-апрелде өтөт. Кыргыз диаспорасы каалоочулардын бардыгын иш-чарага чакырат.
Ишембилик өткөрүү үчүн борбор калаанын Маданият департаменти тарабынан уруксат берилген. Ал эми тазалоо иштерине керектелүүчү шаймандар менен сейил бактын администрациясы камсыздайт.
Ишембилик эртең менен саат 9.30да (Москва убактысы боюнча) башталат. Салтка айланган ишембилик 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет.