Айдархан Кусаинов консалтинг компанясын жетектейт. Убагында МГУну аяктап, казак өкмөтүндө консультант болуп иштеген. Мындан тышкары, нефть жана газ компанияларын башкарган. Кыйын бекен?
— Статистикага ишенсек, 2016-жылы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода жанданганын көрүүгө болот. Биздин товарларды 17 пайызга көбүрөөк сатып ала баштапсыңар. Биз дагы силер тараптан болчу импортту 5 пайызга жогорулатыптырбыз. Бул эмнеге байланыштуу?
— Евразиялык экономикалык биримдиктин таасири. Мындан сырткары, жөнөкөйлөштүрүлгөн соода жолу иштей баштады. Акыры ушул жааттагы мамиле жакшыруу жолуна түштүк окшойт.
— Кыргызстан Казакстанга негизинен жашылча-жемиш (37 миллион доллар) жана сүт азыктарын (13 миллион доллар) сатат. Дал ушул нерселерди коопсуздук талаптарына таянып өлкө аймагына киргизбей коюуга болот. Баса, казак тарап көп учурда биздин товарлардын кирүүсүнө тыюу салып коет, эмнеге?
— Кыргызстандык ишкерлердин казак рыногундагы аракетине кандай баа бересиз?
— Менин баамымда, сиздер туура багытта бара жатасыздар. Кыргызстандан чыккан кийим-кечени, азык-түлүктү көп көрөм.
— Эми туризм тууралуу. Баягы эле статистика боюнча Кыргызстанга келген туристтердин көбүн казакстандыктар түзөт. Акыркы жылдары теңгенин куну түшүп, Түркияга чама-чаркымы жетпей калды окшойт…
— Түркия менен Египетке барууну каалаган казакстандыктардын саны азайды, мындан улам сиздердин өлкө ыңгайлуу болуп калды. Азыр Казакстандагы курортко барып эс алгандан көрө Ысык-Көлгө барган жакшы. Биздин туристтерди алып кетип жатасыздар. Бул жааттан алып караганда Кыргызстан Казакстандын туризм тармагы үчүн бир топ кооптуулук жаратат.
— Казакстандыктар көп жыл бою Кыргызстанга акча салып келишти. Бирок 2015-жылы инвестициянын көлөмү кескин кыскарып, 21 миллион долларды түзүп калды. Эмне болуп кетти?
— Кооптондуруп койдуңуз…
— Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Эки мамлекет сүйлөшкөндө ар дайым утуш жөнүндө сөз болот.
— Көңүлүңүздү башкага бурайынчы. Казакстандан көп учурда жинди кашайткан жаңылыктар угулуп калат. Мисалы, оңдоо иштеринен улам чек аранын жабылышы же интернеттин үч эсе кымбаттап кетиши дегендей. Чек ара деле жабылбай, интернет деле кымбаттабай калды. Элди дүрбөлөңгө түшүрүүнүн эмне кереги бар эле?
— Муну кайсы бир деңгээлде таасир этүү, күч көрсөтүү десек болот. Интеграциялык процесстин баарында мамлекеттер бергенге караганда көбүрөөк алсам дейт. Тилекке каршы, интеграция учурунда жан талашуу керек.
— Евразиялык экономикалык биримдик, колдоо, кызматташуу дегендер кайда калат ошондо?
— Саясий кыймыл бар, муну менен бирге эле бизнес кыймыл деген жашайт. Албетте, биз мамлекеттик деңгээлде өнөктөшпүз, ынтымакташып жашоо зарыл. Бирок бир да ишкер интеграция анын эсебинен ишке ашышын каалабайт. Интерграция көптө барып жемишин берет. Ал эми күнүмдүк жашоодо бул — күрөш жана катаал сүйлөшүүлөр.